www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында окумуштуулар тобу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп көрүп, бардык эле үй өсүмдүктөрү коопсуз жана ден соолукка пайдалуу эмес экендигин аныкташты. Белгилүү болгондой, флораны сүйүүчүлөрдүн үйлөрүндө уулуу гүлдөр да бар экен. Мына ошол уулуу гүлдөрдүн эң коркунучтууларын атайбыз.

1. Цикламен (персиялык) Эң уулуу бөлүгү - бул өсүмдүктүн уругу жана тамыры. Булардын жаңы ширеси кычыштырууну же теринин сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн.

2. Амариллис белладонна Ликорин алкалоиди бар себептүү өсүмдүктүн башы уулуу. Ликорин аз дозада какырыкты чыгаруучу касиетке ээ, ал эми көп дозада кусууну пайда кылат.

3. Диффенбахия. Бул өсүмдүк бөлмөнүн ичиндеги абанын химиялык курамын жакшыртат, бирок аны уктоочу бөлмөгө же балдар бөлмөсүнө коюга кашылбаңыз. Өсүмдүктүн ширеси уулуу, айрыкча сабактарындагы ширеси. Ширедеги уу тамак сиңирүү жана дем алуу органдарына олуттуу бузулууларды алып келиши жана кол же беттин терисине тийсе күйүк чакырышы мүмкүн.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости