www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупциялык иштерге айыпталып жаткандардын үстүнөн кезектеги соттук отурум уланды. Бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү башталат.

Соттук жүрүштүн алдында канцелярияга айыпталуучулардын бири, мурунку Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мамлекетке келтирилген зыянды толуктоо үчүн 110 миллион сом төккөндүгү тууралуу кат келгенин билдиришти.

Буга Сапар Исаковдун жактоочулары нааразы болушуп, алардын бири Нурбек Токтакунов “менин ага бул боюнча суроом бар...” деп баштаган сөзүн сот токтотуп койду.

Бул учурда Мамлекеттик салык инспекциясы “Декларация-2018” кампаниясынын териштирүү иши аяктаганын жана аларды бир четинен жарыялоо этабына келгени тууралуу маалымат таратты.

Анда алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты, учурда коррупцияга айыпталып УКМКнын тергөө абагында жаткан Осмонбек Артыкбаевдин 2018-жылкы толтурган декларациясын жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, ал депутат катары негизги кирешеси айлык акысы көрсөтүлүп, анда өткөн жылы 292 миң 91 сом алган. Мурунку Энергетика министринин толтурган декларациясына ылайык, анын үйү жана машинеси жок. Жеке фонддордун биринде 100 пайыздык ээлик кылган уставдык үлүшү бар. Ал эми Артыкбаевдин туугандарынын жылдык кирешеси 28 миллион 784 миң сом деп көрсөтүлгөн. Квартира, үйлөрү көрсөтүлгөн эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости