www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча подряддык уюмдардын 5 жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, КР УКМК Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын бир катар кызмат адамдарын Ош облусунун "Кең-Сай" конушундагы жолдорду, суу түтүктөрүн жана электр энергиясын курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармаган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында подрядчылар тарабынан турак жайдын кире бериш жана айыл ичиндеги жолдорун куруу боюнча аткарылган иштерди текшерүүгө багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө "А.Б.", "А.Н.", "Б.С.", "Ю" "С.С.", "С.Н." ЖЧК подряддык уюмдары тарабынан аткарылган иштердин алдын ала зыяны 18 211 822 сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чараларды көрүү улантылууда.

Последние новости