www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанбеков үгүт маалында Ташиев менен жеке жолуккусу келген

2021-жылдын 23-ноябрында «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабылдамасына УКМКнын төрагасы менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлагандай, ошол эле күнү кечинде саат 20:00дө УКМК коомдук кабылдамасында КРнын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Т.Султанбеков менен УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн.

Комитеттин кызматкери "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо иштеринин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилери боюнча маалыматты Т.Султанбековго берген. Ошону менен бирге, Султанбековго атайылап жалган маалымат таратканы боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген.

"Бирок Т.Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал, ошондой эле, КРнын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон баш тартты. Белгилей кетчү нерсе, шайлоо иштерине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоо жана манипуляцияларды болтурбоо максатында шайлоо алдындагы агитация мезгилинде УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт", - деп айтылат маалыматта.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жана саясий партиялардын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуусуна жол берилбестигин УКМК эскертет. Шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча жарандар КР УКМКга, ИИМге жана Боршайкомго расмий кайрылууга укуктуу. Ишеним телефондору: 62-65-04, 66-04-75.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости