www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйын 16-17-октябрда Самарканд шаарында өттү, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев КМШ аймагындагы коопсуздукка байланыштуу актуалдуу коркунучтар жана аларды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен чаралар тууралуу баяндама жасады. Сапардын алкагында ал КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызмат жетекчилери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жыйындын соңунда КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы биргелешкен ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.