www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 95 пайыздан ашыгы саналып бүткөндөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жаңыланган маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык, куудул, актёр Владимир Зеленский шайлоочулардын 30,22%, өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко 15,93% жана оппозициялык «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко 13,40% добушун алган.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Топтогон добуштары боюнча биринчи жана экинчи орун алган талапкерлер 21-апрелде экинчи турга катышат. Анын жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот. Украинада президент беш жылга шайланат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости