www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украин парламенти эл аралык коомчулукту “Орусиянын Украинага каршы аскерий шантажына жол бербөөгө” чакырды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Парламент Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга байланыштуу чогулду.
Жыйында Орусиянын Украинага каршы аскерий аракеттерине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Европарламентке (ЕП), чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана парламенттерине, эл аралык уюмдарга кайрылуу жасоо жөнүндөгү декларация кабыл алынды.
Жыйынга катышкан 319 депутаттын 282синин добушу менен кабыл алынган декларацияда "Орусия Украинанын Европага жана НАТОго каршы аракетин алдын алуу үчүн аскерий шантаж кылууда жана бул кабыл алынгыс" деп айтылды.