www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев 5-июлга караган түнү таамай тийген куралдарды, камикадзе дрондорун колдонуп Запорожье АЭСине чабуул жасаганы жатат. Бул туурасында РИА Новости "Росэнергоатомдун" жетекчисинин кеңешчиси Ренат Карчаанын айтканына таянып кабарлады.

Ал "Точка-У" ракетасындагы радиоактивдүү калдыктар толтурулган дүрмөт менен сокку уруу пландаштырылып жатканын билдирген.

"Бүгүн айтып кое турган маалымат келип түштү... 5-июлга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье атомдук электр станциясына алыска жетүүчү таамай тие турган жана пилотсуз учуучу камикадзе-аппараттар менен чабуул коюу ниетинде", — деген Карчаа "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.

Ал муну менен катар эле 3-июлда Түштүк украиналык АЭСтен алып чыгылып кеткен радиактивдүү калдыктар толтурулган ок-дарылар менен асмандан чабуул жасоо көздөлүп жатканын кошумчалады.

" Радиоактивдүү заттарды таштоонун резервдик планында радиоактивдүү калдыктар менен толтурулган жогорку тактыктагы "Точка-У" снарядын колдонууну бар”, — деген Карчаа.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости