www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус аскерлеринин Украинанын Одесса облусундагы Великий Дальник жана Великодолинское конуштарындагы украин армиясынын радиоэлектрондук чалгындоо борборлорун Бастион жээк коргонуу системалары менен жок кылганын билдирди. Бул тууралуу ТРТ маалымдады.
Түнкү сааттарда Украинага таандык 69 аскердик элементтин жок кылынгандыгын билдирген Конашенков булардын арасында 4 абадан коргонуу ракета системасы, 4 башкаруу борбору, 1 бутага берүүчү радар станциясы, 3 көп стволдуу ракета аткычтар, 12 ок-дары жана 43 аскердик техникалык унаанын бар экенин айтты.
"Орус армиясы 24-февралдан бери Украина армиясынын 196 учкучсуз учуучу аппаратын, 1438 танк жана бронетехниканы, 145 көп стволдуу ракета аткычтарын, 556 гаубицасын жана миномётторун, 1237 атайын аскердик техникасын жок кылды",- деди Конашенков.
Ал эми, Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 19-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары боюнча маалыматтарды бөлүштү.
Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 14 миң 400 аскер каза болуп, орустарга таандык 95 учак, 115 тик учак, 466 танк, 1470 бронетехника, 213 замбирек, 72 ракета аткыч системасы жана 44 абадан коргонуу системасы жок кылынды.
Орус күчтөрү ошондой эле 914 унаасын, 3 жеңил ылдамдыктагы кайыгын, 60 күйүүчү май ташуучу унаасын жана 17 учкучсуз учагын жоготту.
Булак: NazarNews.kg