www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо шаршемби күнү Тегеранда кыйроого учураган украиналык учакты ирандыктар атып түшүргөн деп билдирди. Бирок ал атайын багытталган эмес, катачылык болушу ыктымал. Бул бүтүм көптөгөн жагдайлардан улам келип чыккандыгын өкмөт башчы кыйытты.
Анын айтымында, Боингдин кыйрашы боюнча суроолор көп, бирок жооп алуу мүмкүн болбой турат. "Бирок анын чындыгын табуу үчүн Канада бардык иш-аракеттерди жүргүзөт", – дейт Джастин Трюдо. Ошондой эле ал украиналык учакты ирандын абадан коргонуу күчтөрү катачылык менен атып алышын четке каккан жок.
Трюдонун билдирүүсүнө удаа эле дал ушундай пикирди Улуу Британиянын премьери Борис Джонсон дагы билдирди. “Боингди Ирандын абадан коргонуу күчтөрү “жер-асман” үлгүсүндөгү россияда чыгарылган “Тор” ракетасы менен атып түшүргөндүгү боюнча маалыматтар бар”, - деди Британиянын өкмөт-башчысы.
Батыштын көпчүлүк эксперттери Иран украиналык аба кемесин абадагы душман катары кабыл алып, жаңылыштык менен ракета чыгарып салышы мүмкүн деген ой-пикирди карманууда. Себеби, бул күндөрү Иран менен АКШнын ортосунда аскердик чыңалуу курчуп турган болчу.
Булак: NazarNews.kg