www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы саясый кырдаал туруктуу эмес. Эки үлкөндүн тиреши деп айтылганы менен “Кой-Таш Эл Республикасынын негиздөөчүсү”, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ойду-тоону сүйлөгөнү токтобой кошуна мамлекеттерге шылдың болдук да калдык.

Тилекке каршы кечээги Солтон-Сарыда болуп өткөн окуя дагы эл аралык мамилеге кедергисин тийгизип койду.  Ал тургай буга чейин тепсе термелбеген Кытай, бийликке коңгуроо кагып, бийлик тарапка күнөөлүүлөрдү жазалоо керек экендигин айтты. Бул тууралуу Улукбек Маматаев өзүнүн пикирин билдирди.

--Кыргыз бийлиги өтө жумшак болуп жатат. Эл аралык мамилеге “чылык-чылык, кыргызчылык” кетпейт. Кытай элчилиги "Аталган компания ири экономикалык зыянга учурады, биз катуу тынчсызданып, кыргыз тарапка талап коебуз. Кытай жарандарына медициналык жардам көрсөтүп, чырдын чоо-жайын дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, абалды жөнгө салышы керек", — деп айтты. Бул жерде кыргыздар дагы эки элдин эл аралык мамилесин сакташ керек эле. Ал жерде кыргыздар катардагы кытай жарандарын ур-соккуга алып жатат. Бул жерде күнөө жергиликтүү бийликте, алар өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек эле. Эми Кытайдан карыздарыбыз толтура. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү “окко” дагы “бокко” дагы чылап кетти. Эми бул президент алсыз кадрлары менен өлкөнү сормо саздан кантип алып чыгып кетет табышмак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости