www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуу Ата- Мекендик согушта курман болгон 5 жоокердин жаркын элесине арналып эстелик тургузулду.
1941-1945-жылдары эли-жери үчүн жан аябай аттангандардын арасынан 5 жоокер жарадар болуп, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ооруканалардын бирине дарылоо үчүн алып келинген. Бирок оорунун айынан көз жумуп, шаардагы массалык көрүстөнгө коюлганы аныкталган. Алар, подполковник Голубаев Геннадий Петрович, ротанын командир капитаны Восковой Павел Иосефович, мындан сырткары катардагы жоокерлер Васецкий Виталий Андреевич, Королев Сергей Иванович жана Николай Кириенколор болушкан.
Ага «Славян Диаспора» Ассоциациясынын өкүлдөрү тарабынан демилге көтөрүлүп көрүстөндү оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүн областтык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Славян Диаспора” Ассоциациясынан, согуш ардагери жана Жалал-Абад шаарынын тургундарынын катышуусунда эскерүү иш чарасы болуп өттү. Катышуучулар алгач тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшуп, андан соң бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Мектеп окуучулары тарабынан атайын даярдалган программа тартууланып, тынчтык жашоону тартуу кылган аталарга алкыштар айтылды.
Эске салсак, Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад шаарынын аймагынан 10 миңден ашуун жоокер аттанып, алардан 5 миң 24ү кайтып келген. Бүгүнкү күндө шаарда согуштун 5 ардагери бар.
Булак: NazarNews.kg