www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-Түштүк жолуна Атамбаевдин атын койобуз деп жулунган Акаевдин премьери Кубанычбек Жумалиевдер парламентте отурганда,  Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду Жанат Бейшенов парламентке сунуштаганы жатат. Долбоорго ылайык акы алуу пилоттук аймак катары Кочкор-Кубакы жолунан башталат.

Өлкөдө Унаа министрлиги тейлеген шаар жана айыл аралык 18 800 чакырым автожол бар. Анын 6 миң чакырымы асфальттанган. Бул жолдорду жыл сайын оңдоп-түзөп туруу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүнөт. Бирок бул каражат ремонттун 35 пайызына гана жетет. Жалпы муктаждык 10 млрд. сом. Унаа министрлигинен минтет:

Кайсы жолдорго, автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керек деген нормаларды карап жатабыз. Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Азыр тарифтер министрликте талкууланып жатат.

Болжолдуу баалары жеңил автоунаалар ар бир чакырымга 60 тыйындын айланасында, ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар категориясына жараша эки сомдон он сомго чейин деп эсептелип жатат. “Жол тармагынын негизги багыттарын өнүктүрүү” аттуу стратегиялык документибизге ылайык Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусун пилоттук аймак катары кирген.

Ашуу 26 чакырым. Анын альтернативдүү жолу Балыкчы шаары аркылуу айланып өтсө болот. Бул ашуу пилоттук аймак кылууга ыңгайлуу. Бул аймакта калктуу конуштар жок. Биз акы алынуучу жолду автоматташтырылган системада иштетүүгө аракет кылып атабыз”.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости