www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Муфтияттын жакынкы эле тарыхына көз чаптырсак, көпчүлүк муфтийлер финансылык чатактар менен кетишкен», - деди бүгүн, 13-февралда NazarNews маалымат агенттигне жарандык активист Уран Рыскулов.

- Уран мырза, конституциядан сөз кылгандар «дин мамлекеттен бөлүнгөн» дешет. Бирок, айрымдар «дин мамлекеттин көзөмөлүнө өтүш керек» деген ойлорун айтышат. Кайсы пикир жөндүү?

- Бизде саясатта да, мыйзамдарда да, башкаруу системасында да баш аламандык өкүм сүрүүдө. Тагыраагы, дин мамлекеттен бөлүнгөн деп конституцияга сырткы күчтөр жаздырып, бизге диверсия уюштурушкан. Чынында дин мамлекеттен бөлүнө албайт. Ал дайыма эл менен жашап элге моралдык, ыймандык жактан жаманбы, жакшыбы таасирин берип келген жана келе берет. Дин бул идеология. Мамлекеттин өзөгүн идеология түзөт. Демек, дин мамлекеттин көзөмөлүнө өтүш керек.

- Муфтийдин камалышы, муфтияттагылардын аракети мамлекетибиздин кадырын кетирдиби?

- Албетте, муфтияттагылардын жоругу уят иш болду. Мусулмандарга дагы сөз тийгизди. Негизи ислам дининде дагы, христиан дининде дагы процентке акча берүү эң чоң күнөө деп эсептелинет. Адеп ахлактан кеп кылып, элди туура жолго үндөй тургандар ушундай калпыстыкка жол беришкени өкүнүчтүү.

Негизи муфтияттагы коррупция бүгүн эле чыга калган жок да. Муфтияттын жакынкы эле тарыхына көз чаптырсак, көпчүлүк муфтийлер финансылык чатактар менен кетишкен. Демек, маселе жетигип калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости