www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңур үндүү алып баруучу, тамада Урмат Борченов бойдокчулук менен коштошту. Алып баруучунун жүрөгүн багындырган Таластын периси, 27 жаштагы стрюардесса Асел айым болду. Өзгөчө шаң менен өткөн той көпчүлүктү кызыктырды. Учурда конок тосуу менен алек болуп, элдин батасын алып жаткан жаңы үй-бүлөгө биз дагы бакыт тилеп, кепке тарттык. 

- Урмат, Асел, куш бооңор бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталды❓

Урмат: - Рахмат.Азыр мен өзүмдү жомокто жүргөндөй, бир роль жаратып жаткандай эле сезип жатам.Ал бүтсө кайра мурунку жашоомо кайтып келе тургандай эле болуп турам.Азыр Токмокто ата-энебиздин үйүндөбүз.Үйдүн улуу баласымын да, менден кичүү иним үйлөнүп, эки балалуу болгон.Азырынча шаарга качан барарыбыз белгисиз.

Асел: - Мен болсо башында абдан сүрдөп жаткам, азыр кичине көнүп калдым.Абдан ынтымактуу үй-бүлөгө туш болуптурмун.Азыр күнүгө конок тосуу, жүгүнүү менен күнүм өтүп жатат.Келин деген абдан жоопкерчиликтүү статус экендигин билем, ошондуктан вазыйпамды жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылып жатам. 

- Экөөңөрдү тагдыр кайдан табыштырды эле❓

У: - Биз бир мектепте, Асел менден бир класс төмөн окуган. Мектепти бүткөндөн кийин анчейин деле байланыш болгон эмес. Анан төрт ай мурун бир жакшылыкта жолугушуп калдык. Ошол жолугушууда мурунку сезимдер ойгонуп кетти. Көрсө, мен окуучулук кезде эле Аселге кайдыгер эмес болгон экенмин.

А: - Урмат экөөбүз мектептен дос катары сүйлөшчүбүз, аны жакшы бала деп билчүмүн. Активдүү балдардын сап башында турчу, ансыз иш-чара өтчү эмес. Мектепти бүткөндөн бери эки-үч ирет гана кокустан жолугуп калып, учурашып өтүп кеткенбиз. Урмат айткандай төрт ай мурун тагдыр бизди кайрадан жолуктурду.Урматты кандайча жактырып калганымды өзүм деле байкабай калдым.

- Асел, сиз Орусияда жашайт экенсиз.Ортодогу аралык кыз-жигитке тоскоолдук болгон жокпу❓

- Менин кесибим дипломат-экономист болгону менен стюардессалык жумушту аркалап келем. Бул жумушума байланышуу бир жарым жылдан бери Орусияда жашап, иштейм.Өзүм деле тоюма он беш күн калганда Бишкекке келдим.Ага чейин Урмат Орусияга барып, мен кээде келип жолугушуп, чогуу убакыт өткөрүп турдук.Калган күндөрү социалдык тармактар аркылуу сүйлөшчүбүз.

- Эми кайра жумушуңузду улантасызбы❓

- Урмат жумушумду улантуума каршы эмес, ошондуктан жумушумду уланта берем.Мурдагыдай Орусияда жашап иштебейм, Бишкекте эле жашап, иштейм.

- Урмат, үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз❓

- Мен романтикага такыр жокмун.Тойдон жолукканда “тоюңа чакырып кой, күйөө катары деле чакырып койсоң келе берем” деп айткам. Асел “макул” деп күлүп калган.Менин сунушум ушул болду.

- Бири-бириңерди эмнеңер менен арбап алдыңар❓

У: - Негизи менин кыздарга койгон талабым абдан жогору болчу.Жубайым анын эч кайсынысына жооп бербейт.Мурда “медик кыздар жагат” дечүмүн, андай болбой калды.Сезимди башкара албайт экенсиң да.Башкысы жубайым аябай эстүү.Бул менин кыздардагы баалаган сапаттарымдын бири.

А: - Урмат мени өз жүрүм-туруму, мага кылган мамилеси менен арбап алды.Айткан сөзүндө турат, абдан жоопкерчиликтүү адам, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт.Сүйлөшүп жүргөндө кандай болсо, үйгө келгенде дал ошондой адам экендигин көрдүм.Бул мага маанилүү болчу.Урматтын белгилүүлүгү мени эч кызыктырган жок.

- Тоюңар өзгөчө өттү.Бул кимдин идеясы❓

У: - Биздин тойдо тост, спирт ичимдиктери, бешбармак, казы-карта, букет, торт болгон жок, бодо мал союлган жок.Бир гана үйгө барганда кой союп ырымдап койдук.Чакыруу кагаздарынын ордуна видео жиберип койдук.Негизи тоюмду көк чөптүн үстүндө өткөрөйүн деген оюм бар болчу.Эмгек өргүүм ушул айга туш келип калгандыктан, көк чөп чыккан маалга жетпей эле үйлөнүп алдык.Тойго даярданууга дагы убакыт аз болду.Беш күндө тойдун сценарийин өзүм жазып, беш күн уюштуруп, беш күндө видеолорду тарттык.Баары бат эле болуп кеткендиктен “тамашалап жатат” деген ой менен кээ бир конокторум келбей дагы коюшту. 

- Мындай идея окшош тойлордон тажагандыктан келип чыктыбы❓

- Мен тойдогу ысырапкорчулукка каршымын.Көптөн бери ашыкча чыгымсыз тойду сунуштап жүрөм.Анан өзүм биринчи өткөрүп, үлгү көрсөтөйүн дедим.Ашыкча чыгымсыз деле той өткөрсө болорун элдерге айткым келди.Үйдөгүлөр ашыкча чыгым алып келе турган куда тосуу сыяктуу салттарды жасайбыз деп туруп алышты.Андай кылсаңар анда менин шартыма көнөсүңөр дедим да, жасалчу жөрөлгөлөрдүн бардыгын бир эле тойдон өткөрүп койдук.

- Азаматсыз! Бактыңар тоодой болсун!

Булак: "Леди кж"

Последние новости