www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Усенов кыргыз шоу дүйнөсүндө орду бар инсан экени жалпыбызга маалым. Учурда ал Маданият министринин кеңешчиси кызматына келип, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүндө алгылыктуу иштерди аткаруу алдында турат. “Буюрса, министр менен биргеликте алдыга карай өнүгүү пландарын коюп жатабыз. Маданиятыбыздын мыкты деңгээлге чыгышына болгон күч-аракетибизди жумшайбыз” деген каарманыбыздын эми мамлекеттик кызматкер статусунда берген маегине ортоктош болуңуздар, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити.
- Урмат мырза, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Кыргыз маданиятына жаңылык киргизип, реформа жасоого белсенип турсаңыз керек? Жетекчиге кандай кеңеш берип, алгачкы кадамды эмнеден баштадыңыз?
- Биздин маданиятыбызда азыр, тилекке каршы, тоодой ири маселелер бар. Түп-тамырынан бери реформага муктаж болгон багыттар бар. Азыркы министрибиз алардын баарынан жакшы кабардар. Ошондуктан министрдин жетекчилиги астында аткарыла турган иштердин графигин аныктап, алардын өз мөөнөтүндө жеткиликтүү чечилишине көмөк көрсөтүү болуп эсептелет менин милдетим. Министр Азамат Капарович – реформатор, жаңычыл инсан. Андыктан мен бул командага кошулганыма сыймыктанам. Буюрса, биргелешип, бир организм сыяктуу маданиятыбызга пайдалуу иштерди жасоого болгон аракетибизди жумшамакчыбыз.
- Дегеле жумушу чачтан көп, айлыгы аз жумуш сизди эмнеси менен кызыктырды?
- Бул ишке киришүүдө мен айлык маянага же болбосо башка критерийлерге басым жасаган жокмун. Кыргызстандын мекенчил жараны катары “канткенде жакшы нукка түшөбүз, канткенде өнүккөн өлкөлөрдүн жакшы жактарын өзүбүзгө ала алабыз, кантип өлкөмө өз салымымды кошо алам?” деген ой толгоолор дайыма мени ойлондуруп келген. Андыктан келечек максаттарымдын тизмесинде ушул план дагы бар эле. Эми ушул оюмду акырындан ишке ашыруу алдында турам десем жаңылышпайм.
- Буга чейин убактыңызды өзүңүз каалагандай бөлүштүрүп эркин жүргөнгө мамлекеттик кызматтын иш графигине көнө албай жаткандырсыз?
- Мамлекеттик кызмат болбосо дагы жеке иштерди белгилүү бир тартипте, график менен аткарып көнгөм. Ошондуктан мен үчүн жаңы чөйрө болуп же өтө деле бир оор жагдайды туудурган жок. Коллективге аралашуу дагы мага оңой эле болду. Анткени мурун көрүшүп, баарлашып жүргөн эле инсандар бардыгы.
- Маданият министрлигине талапкерлигиңизди койгон элеңиз, эми деле бул орунга ат салышуу максатыңыз барбы?
- Мен Маданият министрлигине ат салышкан маалда ошол маселени ичтен билген кандайдыр бир жаңычыл мүнөзү бар, өзгөрүүгө бара турган, реформалык эрки бар жетекчиге жете албай жүргөн учур болчу. Ошондуктан андай кадамга барууну өз убагында мен дагы милдетим катары көргөм. Бирок азыркы жетекчинин ишмердүүлүгүн мен толугу менен колдойм. Ошондуктан кеңешчи болуп келгеним мага жетиштүү. Эми мен эңсеген, кыялданган нерселерди азыркы жетекчи менен биргеликте аткарабыз деген терең ишеничим бар. Ошондуктан мен азыр андай ойдон алысмын.
- Эми саясатка аралашып кетсеңиз, чыгармачылыгыңыз кандай болот? Күндүзү мамлекетке, кечинде өзүңүзгө иштеп тойлорго дале чыга бересизби же?..
- Кудай буюрса, аманчылык болсо, чыгармачылыгымды эч убакта токтотпойм. Себеби дал ушул чыгармачылыктын аркасында, ушул чөйрөнүн деми менен, таасири менен маданиятта жүргөнүм чындык. Ошондуктан кандай гана кызмат болбосун, мен дайыма бизди колдоп, кол чаап дем берген элим менен болом.
- Эми үй-бүлөңүз тууралуу дагы азыноолак кеп айта кетпесеңиз болбос. Өмүрлүк жарыңыз Неля экөөңүздөрдү эң үлгүлүү жубайлардын эталону катары карап, көпчүлүк жаштар сиздерден сабак алып келишет. Үй-бүлөлүк чептин бекем болушу эмнеден көз каранды деп ойлойсуз? Жеке өзүңүздүн тажрыйбаңызга, прициптериңизге таянуу менен мындай ийгиликтин ачкычы эмнеде экенин айтып берсеңиз…
- Үй-бүлөмдө, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Көп нерсени артта калтырдык деп ойлойм. Бирок бардыгын жеңдик деп дагы айта албайм. Себеби биз азыр турмушта өргө чыгып бара жаткан маалыбыз. Ошондуктан кыйынчылык, маселе, сыноолор дале алдыда. Андыктан анын баарына биргелешип даяр болушубуз керек деп ойлойм. Чынын айтканда, “үлгүлүү үй-бүлө” деген статуска жетебиз деп эмес, экөөбүз тең үй-бүлөдөгү өз жоопкерчилигибизди туйганга аракет жасадык деп ойлойм. Үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет. Андыктан үй-бүлө курган соң эркек өз милдеттерин аткарып, аял өзүнүн ордун билгенде жана биргелешип биз деген сөзгө карманып жашаса бактылуулук ошол үй-бүлөнү байырлайт деген кеңеш айтар элем. Анан да түбөлүктүү, узак максат коё билиш керек. Эгерде максат кыска аралыкка бекитилсе, албетте, анда бардыгы кыска болуп, бардык нерсе убактылуу болуп калышы ыктымал.
- Уул-кызыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Канчанчы класс болушту? Каякта билим алышат? Негизи, балдарга билим берүүдө эмнелерге көңүл бурасыз? Балдарыңыз эмнеге жөндөмдүү? Ата-энесиндей чыгармачылыкка ыктагандары барбы?
- Уулум Нурэл 10, кызым Жазэл 8 жашка чыгышты. Борбордогу орто метептердин биринде окушат. Тилекке каршы, иштериме байланыштуу балдарымдын сабактарына көңүл бура албай калгандыктан, бул жоопкерчилик апасынын моюнунда. Кээде гана бошой калганда сабактарынан кабар алып, мектеби тууралуу, мугалими тууралуу сүйлөшөбүз. Ошол кезде байкайм, ийгиликтерди жаратып жатышканын. Кызымда чыгармачылыкка жакындык байкалат. Сүрөт тартканды жакшы көрөт, бийге барат, мектептеги ар кандай ийримдерге катышып, мааракелерде, майрамдарда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Ал эми уулумдун табияты башка. Чыгармачылыкты көп жактыра бербейт. Эл арасына аралашмак турсун сүрөткө түшкөндү жактырбайт. Көбүнчө математикалык багытка ыктап, учурда кичинекей ийгиликтерди жаратууда. Ал эми биздин милдет – балдарыбыз кандай гана жөндөмгө ээ болбосун, аларга шарт түзүп берип, пайдубалынын бекем болушуна кам көрүү.
- Айыл турмушунан да кабардар кылып чоң ата-чоң энесине жиберип турасызбы?
- Албетте, жайкы каникул убагында жыл сайын чоң ата-чоң энесинин колунда болушат. Өздөрү дагы каникулга чыгары менен биринчи эле “Таласка качан кетебиз?” деген суроону беришет. Чоң ата-чоң энесин аябай жакшы көрүшөт. Балдарым айыл турмушунан жакындан тааныш, антпесе болбойт. Айылдын таза абасы менен дем алып, айылдын турмушун көрүп-билип чоңоюш керек деген принципти биз дайыма колдоп келебиз. Ошондуктан бул жагынан бизде мүчүлүштүктөр жок.
- Башка белгилүү инсандардан айырмаланып балдарыңызды эл көзүнөн алыс кармап келесиз. Буга эмне себеп?
- Мунун эч кандай деле себеби жок. Алар азыр бала да. Андыктан алардын азыркы негизги милдети – сабак, билим, алдыга өнүгүп-өсүү. Ошондуктан балдарыбызды азыр башка маселе менен алагды кылуунун эч кандай кажетин көрө алган жокпуз. Анан убагы келгенде өздөрү аралашабыз дешсе, биз каршы болбойбуз.
- Маегиңизге рахмат.
Булак: NazarNews.kg