www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери массалык мушташка катышкан 8 жигитти кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, тагыраак айтканда, 19-ноябрда социалдык тармактарда мушташып жаткан балдардын видеосу тараган. Видеодон” Чыгыш-5” кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында онго жакын балдар мушташып жатканын көрүүгө болот. Алардын бири ээсин жоготуп кулап калса да, аны токтобостон уруп-согууну уланта беришкен.
“Чыгыш-5” кичирайонундагы караоке-клубдун жанындагы массалык мушташ тууралуу маалымат 19-ноябрь күнү саат 02:57 түшкөн. Окуя болгон жерге патрулдук кызмат барып эч кимди тапкан эмес. Бирок, издеп отурушуп окуя болгон жерге жакын жерден сабалган жаш жигитти табышып, ал ооруканага жеткизилген”, -деп ведомстводон билдиришти.
Свердлов РИИБинин кызматкерлери мушташка катышкан 8 жигитти аныктап, бөлүмгө алып келишкен. Алар:
18 жаштагы Р.Н., Жалал-Абад облусунун тургуну
18 жаштагы Э.Н., Жалал-Абад облусунун тургуну
18 жаштагы Т.А., Жалал-Абад облусунун тургуну
18 жаштагы Б.Б., Бишкек шаарынын тургуну
18 жаштагы А.Б., Бишкек шаарынын тургуну
19 жаштагы Н.Р., Жалал-Абад облусунун тургуну
21 жаштагы Ж.Б., Нарын облусунун тургуну
22 жаштагы У.К., Нарын облусунун тургуну
Массалык мушташка катышкан жигиттиердин баары Свердлов РИИБинде сотко чейинки териштирүүнүн алкагында көрсөтмө берип жатышат.
Булак: NazarNews.kg