www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Элнура Кулуева жаш, сулуу, тыкан маданият министри Азамат Жаманкуловдун короосуна таш ыргытты.

"Азамат Капарович, Сиз Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болсоңуз, аймактардагы маданият үйлөрүн кыдырып, маданият өкүлдөрү менен жолугушууңуз керек. Жаш министрлердин бирисиз. Иштейм деген күчүңүз бар. Маданият министринин имаратында эле айланып жүрө берген болбойт. Мен сиздин ордуңузда болсом 1 ай маданият кербенин уюштуруп, чоң концепция иштеп, Өкмөткө сунуш кылмакмын. Айланайындар, чымчык кебез тиштеп алгандай эле иштеш керек. Маданиятка революция жасай турган жерде турасыңар го... Бир чашка кофе ичиш үчүн кабинетке келгендей эле олтурасыңар...", -деген пикирин айтты Элнура Кулуева.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин убагында министрликтер республиканын аймактарына сарасеп салып, эл менен тыгыз кызматташкан. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости