www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев өзүн кыргыздын “Манасы” катары сезип жүргөндө, кыргыздын журналисттер арасында Сыргак Абдылдаев аттуу журналист пайда болгон. Бүгүн да Стамбул, Түркия  тууралуу Кыргызстанга орус тилиндеги билдирүүлөрүн таратып жатат. Илгери Манастын Сыргагы кыргызча эле сүйлөчү. Учурда орус тилине көрк бергиси келген урматтуу Атамбаевдин Сыргагы кыргыз тилинде жаза албайт, бекер жерден өз эне тилин билбей калгандарды “маңкурт” деп Чынгыз Айтматов туура баа койгон эмес.

Сыргак Абдылдаевдин оюнда Стамбулда көз жумган кытайлыктын жок болушуна бүгүнкү бийлик өз версиясын түртмөлөгөн. Бул өлүм Атамбаевдин буюртмасы менен ишке ашат, анткени Кыргыз Республикасынын мурунку башкы консулу Сопоков учурунда “Кыргызавтомашта” Алмазбек Шаршеновичке шопур болгон. Албетте, шопурлардын “интригасы” элге белгилүү болуп калган, Сопоков билгизбей өз артын тазалаган деп Сыргак Абдылдаев бийликтин жазгандарына кайрылат.

Сыргак мырза кимге асылууну билбей  президенттик аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевге сүйкөнүп алгандан кайра тартпайт. Атамбаевди бул жерден алыстатуу максатында, “кара боёкту”  Досалы мырзага каалашынча сүйкөйт. Аны менен кошо бийликти бутунан тартып, бийлик буга жооп кайтара албай, мусулмандардын террору болгон деген версияга жетти дейт. Жалганчылыкты чындай айткан Сыргак мырза бул адам кытайлык болсо да уйгур, эки оозунун бир оозу ислам дининде экенин эсинен чыгарып, бийликти көздөй жалаа жапканын токтотпойт.

Ушуну менен Сыргак мырза сыр айтканын токтотпой, Кыргызстандын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевке асылып кетүүдөн кайра тартпайт. Сыргак мырзанын оозу менен орок оруп жаткан Атамбаев Айеркен Саймаити уятсыз адам деп баса белгилеп, ал кытай өнөктөшүн 3 лимон бакска кийгизип, Түркияны көздөй кире качкан дегенден кайра тартпайт. “Өзүн “ мультимиллионер” эсептеп калган Атамбаев башы көтөрүлүп калган кимге болсо да “кара пиарын” жөнөтүүдөн кайра тартпайт. Ошону менен катар Айеркен Саймаити Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө экенин баса белгилеп, өзү тизме түзүп алып келген бүгүнкү парламенттеги 120 депутатты боктоп өтүп, өзү өнтөлөп турганда Жыпар Жекшеев аркылуу өз кызматын жетишерлик өтөп келаткан “Азаттыкты” мактап, Раим Матраимовдун нечен ирет далилденген 700 миң лимонун эскерип өтөт. Раим Матраимов бул акчаларын тышка чыгарганынын ар бир центи жазылып, бирок бул жерде эч бир мыйзам бузулбаганы бир нече ирет жазылган. Булар тууралуу бир нече ирет жазылганын аягында кайталап коюну туура көрдүк. 2019-жылдын 30-майында чыгып, бирок мыйзамсыз экени далилденген бул факт унутулуп бараткан, бирок Айеркен Саймаитинин ажалы менен бул окуяга кайрадан май куя башташты. Атамбаев президент болуп турганда Раим Матраимовду ал кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев менен бирге Ош облусунан мамлекеттик Бажы кызматына алып келип, анын Бажы тармагындагы коррупцияны кокологону үчүн жек көргөн адамына айлантып, ушул кезге чейин ар түрдүү ушактарды үйүп келатканы белгилүү. Бүгүнкү күнү бул оор аксиомага айланып, калп болсо да шыбактын биринчи сүртүмдөрү ушул жакка сүртүлүп келе жатат.

Сыргак мырзанын ою боюнча Кыргызстан кытайлыктар үчүн ар кандай товарларды таракандай ташыган ажыдаарларга айланган. Кызык, логика кытайлыктардын Кыргызстанга келип таракандай ташып жатканы үчүн жооп берүүнүн башкы фигуранты Сыргак мырзаны сыраңдатып чуркаткан Алмазбек Атамбаев эмеспи. Атамбаевдин убагында  ар бир ири курулуш Кытайсыз курулбай калган:

  1. Соту узарып элдин оозунан чыкпаган ЖЭБ (ТЭЦ) Кытайдын карыздарына курулган.
  2. Датка-Кемин.
  3. Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолу.
  4. Балыкчы-Корумду жолу.

Эми айта берсе көп эле,  буларды Кытайга карыз кылгандар кайра бет тырмарлык кылып жаткандай, ошондуктан, эл да билсин, бизнес жолу бул бири-бири менен банк аркылуу байланыш, капчыкка мыйзамсыз бир нерсе тыгып коюу эмес. Ал эми которуулар бизнес тарабынан болгон, боло берет жана боло бермекчи.

 

646 миллион 879 миң 649 доллар чет мамлекеттерге которулган, “чыгарылган" эмес

 

Тергөөчүлөр тарабынан бир катар республикадагы банктардын финансылык операциялары кылдат каралды. Банктык мекемелер номерлөө менен белгиленет. Финполиция каражаттар 11 банктык эсептен Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Латвия, Орусия, Казакстан, Англия, Нидерланды, Швейцария, АКШ, Панама мамлекеттерине, Британ-Виржин аралдарына жана Белизге которулганын тактап чыгышты. Финпол бул каражаттар сыртка которулуп жатканда максаты текстиль жана курулуш материалдарын, тетиктерди, тамак-аш азыктарын алуу үчүн деп көрсөткөнүн билдирүүдө.  Мына чет мамлекетке кеткен 646 миллион 879 миң 649 доллардын эсеби:

 Банк №1, ИП Saimaiti Aierken (Айеркен Саймаити) расчеттук эсеби бар, 2011-жылдан  2014-жылга чейин Ош филиалында 130 взнос болгон. Взностордун жалпы суммасы 22 миллион 496,1 миң долларды түзгөн. Алардын ичинде киргизилген 1 миллион 414,5 миң сом жана 85 миллион 910 миң рубль. Эсепти кошумчалоого  физикалык жактар жана ИП Saimaiti Aierken өзү катышкан», — деп айтты финпол. Мындан тышкары 22 миллион 496,1 миң долларга Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Латвияга жана Орусияга 105 акча которуулар белгиленген. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

 Банк №2, ИП Saimaiti Aierken расчеттук эсеби бар, 2010-жылдан 2015-жылга чейин 368 миллион 16,7 миң долларга  1 миң 280 взносту ишке ашырган. Эсептерди кошумчалоого ИП Saimaiti Aierken өзү катышкан. Бул эсептен 367 миллион 567,4 миң долларга акча каражаттары 1 миң 702 которуулар аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга жана Нидерландыга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №3, ИП Saimaiti Aierken Aierken расчеттук эсеби бар, 2015 –жылдан 2018 –жылга чейин 80 миллион 780 миң сомго 52 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого өзү ИП Saimaiti Aierken Aierken, менен бирге ЧП Wufuli Bumailiyamu жана физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражаттарын 52 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №4, ИП Saimaiti Aierken Aierken расчеттук эсеби бар, 2011 –жылдан 2015 –жылга чейин Араван филиалында 6 миллион 538,1 миң сомго 5 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого ИП Saimaiti Aierken Aierken менен физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражаттарын 5 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №5, ИП Saimaiti Aierken  2014-жылдын ичинде эсебине  9 миллион 577, 5 миң долларлык 16 взностун негизинде  21 акча которуу жолу менен Латвияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк  №6, ИП Saimaiti Aierken эсебине 2011-жылдан 2013-жылга чейин 14 миллион 611,4 миң сомдук  96 взнос жүргүзүлгөн. Акча 70 которуу жолу аркылуу Кытайга  кеткен. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №7, ИП Saimaiti Aierkeке 2010-2015-жылдардын ичинде эсебине 10 миллион 424,1 миң долларлык 78 взностун негизинде болгон. Кийинчерек 10 миллион 39,4 миң доллар 78 акча которуу жолу менен Түркия, Кытай, БАЭ, Германияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №8, ИП Saimaiti Aierkeке 2014- жылдын ичинде эсебине 61 миллион 116 миң долларлык 215 взностун негизинде 216 которуу жолу менен Түркия, Кытай, БАЭ, Латвия, Германияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №9, «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014–жылдын ичинде 6 миллион 903,9 миң долларга  17 взнос жасаган. Алардын ичинде 68,6 миллион доллары  ИП Saimaiti Aierken 17 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга, Британ-Виржин аралдарына, Белизге, Панамага жана Казакстанга которулган. Төлөмдөр  курулуш материалдары, тетиктер, тамак-аш  продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №10, ЧП Wufuli Bumailiyamu расчеттук эсеби болгон, 2014-жылдан 2015-жылга чейин 26 миллион 434,4 миң долларга 113 взнос ишке ашкан. Алардын ичинде  25,8 миллион доллар 104 акча которуу жолу менен Кытайга кеткен. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк №11, «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014–2019-жылдардын ичинде 118 миллион 197 миң долларга  301 взнос жасаган. Алардын ичинде 117 миллион 726,2 миң доллары  ИП Saimaiti Aierken 321 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон

Бардык физикалык жана юридикалык тараптан 519 миллион 560,3 миң долларга 2 миң 303 взностор болгон. Акча которуу учурунда доллар менен катар башка валюталар да болгон жыйынтыгында 646 миллион 879 миң 649 доллар чет мамлекеттерге которулган. Булар которулган акча “ме” деп ар кимдин капчыгына салып коюлган эмес. Ошол үчүн Сыргак мырзаны журналист катары сыйласак да, дүйнөлүк орус тилинде эмес, мамлекеттик тилинде эмес кыргыз тилинде эмне дээр экен. Балким, кыргыз тили биздин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили экенин, мамлекеттик тили экенине таназар деле салбастыр, шефи экөө...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости