www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чомоев Нурдин деген генерал бар. Бакиевдин учурунда Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Анын атагы Ооган согушуна катышпагандыгы ачыкталып, Ооган согушунун жалган ардагери экендиги атайын комиссиянын текшерүүсүнөн улам аныкталгандан кийин чыккан, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Ал жалганчы ардагерге ошондон кийин кылмыш иши козголуп, 2010-жылдан 2018-жылга чейин ай сайын өкмөттөн 6 миң сомдон алып келген жөлөк пулун кайра төгүп бере баштаган. Мына ушундай адамдын Нурлан деген уулу бар. Учурда 47 жашта. Ата жолун жолдоп аскер багытында иштеп калган экен. Бирок анын ишмердүүлүгү да, билими да шектүү. Нурлан 1990-1992 -жылдары Алматы аскер окуу жайында окуп, бирок чыдай албай, окууну бүтүрбөстөн чыгып кеткен.

1999-жылы Россиянын аскердик дипломатия боюнча академиясын ошол учурда күүлдөп турган атасынын күчү менен бүткөндүгү айтылат. Академияны бүтүрүп келери менен (атасы ошол кезде Коргоо министринин штабын жетектеп турган) атасы министрликке кызматка орноштурган. Ата-бала Чомоевдер Американын аскер саясатын Кыргызстанга жайылтуу аракетин жакшы эле көрүшкөнүн орусиялык ЖМКлар жазып чыкты. Ал тургай Нурлан Чомоев Американын Мамлекеттик департаменти менен кызматташканы да айтылат.

Жыйынтыгында Чомоев Нурлан 2004-жылы Коргоо министрлигинин штабынын АКШ борбордук командычылыгынын өкүлү болуп дайындалган. Андан кийин да Чомоев "Манас" аэропортундагы АКШнын базасында ар кандай иштерди жүргүзүүгө таасирдүү адам болуп келгенин да орус ЖМКлары жазышкан. Чомоев Нурлан учурда Генералдык штабдын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости