www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын башына жакында кара булут каптап жатты эле. Ал тургай анын иш кабинетин укук коргоочулар тинтип, кылмышка шектүү деп эсептешкен кагаздарды алып кеткени айтылган, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.
Каржы министрлиги Соттук өкүлчүлүк борборуна 1,5 млн. сомдун ордуна кошумча акча катары 6 млн. сом бөлгөнүн жана акча дарексиз пайдаланылганы айтылган. Ошол учурда финпол министр айымды суракка чакырган. Бирок Жээнбаева ал кезде президент Жээнбеков менен кошо чет өлкөгө сапарга бирге кеткен.
Кыскасы, президенттин күчү менен башына айланган кара булутту "алыс" айдатып салгандай элес калтырды. Негизи эле Кыргызстанда мына ушундай фокустар өтө көп. Анан калса, президент "жарык" чачса, ушинтип былкылдабай иштей беришет.
Булак: NazarNews.kg