www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин өзүм билемдик кылып мамлекеттин эсебинен Кытайга эрке талтаңын шапар тептирип келген. Муну анча-мынча аяр салбаган Кыргызстандагы тиешелүү адамдар биле бербесе да, Кытайдын жоопкерчиликтүү адамдары ошол замат реакция кылышкан. Тилекке каршы али күнчө чара көрүлө  элек.

2019-жылдын мыкты эрке талтаңы Кытайга эмнеге барды?

Ɵкмɵт башчысы Абылгазиев ɵлкɵдɵгү резонанстуу иштин бирин, тагыраагы, «кɵңүлдɵшүн» Кытайда шапар тептирүүгɵ далалаттанган Чодуевдин кылыгын кɵз жаздымга калтырганга аракеттенди. Министрге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара кɵргɵн жок. Бийликтин бетине кɵɵ жапкан ишти жең ичинен бүтүрүп, кызматтык иште жаралган «сүйүү» романын былк эттирбей басканга жан далбастоодо. Коомчулук буга тикесинен тик туруп, аягына чыгарганга мажбурлаш керек, анткени издешпей табышкандардын былыгы кокодон экен, бир чекеден сыйрылууда. 

2019-жылдын мыкты көз бойомочусу Чодуевдин «эрке» талтаңы Анаркүл Беккулуеванын «былыктарын» тизмектегени турабыз. Кɵрсɵ, «бучукка маңка үйүр» дегендей, Чодуевдей болуп Беккулуеванын да арты капкара «кирге» толуп калыптыр. Тийиштүү органдар булардын баарынан кабардар болгону менен сыдыргыга салгандай кылып текшерип, такымына таш толгоп, тийиштүү жазасын бербегени бизди таң калтырууда. Же, мыйзам сакчылары да «жең ичиндеги» иштер менен алаканын «майлатып» алып башын кумга тыгып алганбы? Эгерде булар кылмыштуу иштерге ɵз учурунда укуктук баа бергенде, бүгүн очойгон бир министрликтин башына моралдык жана ыймандык жагынан бузулган адам келмек эмес. Үлүрɵйгɵн кɵзүн жалдыратып, түрмɵнүн тɵрүндɵ отурмак.  

Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин министрлигиндеги кайсы бир бөлүмдүн башчысы Анара Беккулиеваны министрдин орун басары рангындагы жетекчи деген тастыктама катты Башкы прокуратура мыйзам бузуу менен жазылганын билдирген. Бирок, аны жазган жетекчиге деле, жазганга буйрук берген министрге эч кандай чара көрүлгөн жок. Демек, Башкы прокуратуранын иликтөөсү «бармак басты, көз кысты» менен токтотулдубу? Же министр Чодуев табылгыс анан калса кол тийгис кадрбы? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып өз билгенин кыла береби? Ал жазылган сын-пикирге өзү жооп берүүгө тийиш эле. Бирок, өкмөттүн жыйынына кетти деген шылтоо менен буйтап кетти. Суроолордон буйтаган менен мыйзамдан да буйтаганга алыңыз жетеби, Эркин мырза.

Эрке талтаң Беккулиева ким?

Фактыга келсек, чодоңдогон Чодуевге таянган Анаркүл Беккулиева Ысык-Кɵл облусунун Ысык-Кɵл районунун Бактуу-Дɵлɵнтү айылындагы «Береке» кооперативин жасалма мɵɵр менен бүкүлү бойдон тартып алып, бүгүнкү күнгɵ чейин ɵзүм билемдик менен башкарып жатканы билинди. Жамаатынын бетине жаба түкүрүп, «заңыма куурай саялбайсыңар» деп тастаңдап турганы Кудайды тааныбай калгандыгы да. Жасалма мɵɵр боюнча кылмыш иши козголгон экен, бирок аны Чодуев аркылуу тизгиндетип, «пагончондордун» тилин буп койгону не деген шумпайлык? Бир нече жылдан бери кооперативдин ондогон ɵкүлдɵрү ар кайсы инстанцияга кайрылып, тили тешилиптир. Жетекчиси Сүйɵркул Усубалиев арыз жазбаган жери калбаптыр. Айрымдарына токтоло кетелик.

Бишкек ШИИБинин жетекчиси С.К.Рахмановго кайрылган Усубалиев: «2015-жылдын 27-майында «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрүнүн жалпы чогулушунда Ысык-Кɵл районундагы Бактуу-Дɵлɵнтү айылында жайгашкан «Береке» кооперативинин тɵрагалыгына кɵпчүлүк добуш менен кайра шайлангам. Шайлоо мыйзамдын жана Уставдын талаптарын сактоо менен ɵткɵрүлгɵн. Бирок менин инсульт болуп ооруп калганымдан пайдаланып, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкери Беккулиева Анаркүл Токтобековна ɵзү мамлекеттик кызматта иштеп туруп, «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрү катышпаган, ɵтпɵгɵн чогулуштун протоколун ɵзү жазып алып, ɵзүн-ɵзү кооперативдин тɵрайымдык кызматына шайлап алган. Колунда кооперативдин алгачкы документтери (күбɵлүк, уставы) жок болсо да, 06.08.2014-жылы «Фирма райс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигинин ишеничине кирип, аларды алдоо жолу менен кооперативдин мөөрүн жасатып алып, бүгүнкү күнгɵ чейин мен тɵрайыммын деп кооперативдин атынан ар кандай мыйзамсыз иштерди жасоодо» деп жазып, мыйзамга ылайык чара кɵрүүсүн суранган.

Усубалиев дагы бир арызды Айыл чарба министрлигиндеги уюштуруу бɵлүмүн жетектеген А.Карагуловго жазып, «Беккулиева ɵзүнүн үстүнɵн жазылган арызды билип турса дагы мыйзамсыз иштерин токтотпостон «Береке» кооперативинин мүчɵлɵрүн жалпы чогулушка чакырып, айыл чарба министрлигинин имаратынын биринчи кабатына жарыя илип койгон. А.Беккулиева мындай мыйзамсыз жана ɵзүмбилемдик иштери менен кооперативдин мүчɵлɵрүнүн жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы мамилеге жарака кетирип, ызы-чуу чыгарганга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу Арсен Дайырбекович, биздин арызды текшерүү иштери бүткɵнгɵ чейин Анаркүл Беккулиеванын демилгеси менен боло турган кооперативдин чогулушуна бɵгɵт коюңузду суранам» деп, мыйзамсыз иштердин алдын алганга аракеттенген. Бирок чодоңдогон Чодуев бут тостурган эмес.

Быйылкы жылы Мамлекет башчысы С.Жээнбековго жеке ɵзүнɵ кайрылган катында Усубалиев бүт иштерди толугу менен тизмектеп: «А.Беккулиева жасаткан жасалма мөөр Биринчи май райондук РИИБнин тергɵɵчүсү Абдраев Мурат тарабынан изятие кылынып, 350-берене менен кылмыш иши козголгонуна 2 жылдан ашты. Бирок жасалма мөөр боюнча козголгон кылмыш иш тергɵɵчүдɵ эки жылдан бери кармалып келет. Органдар тарабынан кɵзɵмɵлгɵ алынышын, мыйзам бузгандарга чара кɵрүлүшүн ɵтүнгɵн арыз менен кайрылып жатып тажадык. Азыркы кезге чейин алар жасалма мөөрүн кагаздарга бастырып, ар кандай мекемелерге, жамаатарга жалаа жапкан арыз, кат жолдогонун токтотпой жатышат» деген «Береке» кооперативинин жетекчиси коррупцияга аралашкан арамза адамдардын жоопкерчилигин карап беришин Президенттен ɵтүнгɵн.

Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында иштеген бɵлүм башчы У.Султанов Бишкек шаарынын прокурору К.К.Бейшекеевге кайрылып: «…Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, ɵнɵр жай жана мелиорация министрлигинин кызматкери А.Беккулиева аталган министрликте мыйзамсыз иштеп жаткандыгы жана анын үстүнɵн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБи тарабынан козголгон 2-16-1023 сандуу кылмыш иши негизсиз чубалжып, бүгүнкү күнгɵ чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жаткандыгы жɵнүндɵ арызы жиберилет» деп жазган да, бул ишти кылдаттык менен текшерип чыгып, тез арада чара кɵрүүнү ɵтүнгɵн. Бул маселе боюнча Президенттик аппараттагы бɵлүм башчысы У.Султанов Ысык-Кɵл облусунун прокурору М.Айдарбековго дагы кайрылган. Бирок эч кандай кыймыл аракет билинген эмес.

Чодуевдин эрке талтаңы Орусиянын жараныбы?

Чодуевдин эрке талтаңы А.Беккулиева Россиянын жараны экени тууралуу маалымат ачыкка чыгып, ал Акүй менен Кɵкүйдү бүт бойдон аралап чыккан. Бирок бир дагы тийиштүү орган чара кɵргɵн эмес. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты, бакыйган комитеттин жетекчиси Г.Скрипкина ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жеке ɵзүнɵ кызматтык кат жолдоп, А.Беккулиева бɵлɵк ɵлкɵнүн жараны катары «Мамлекеттик кызмат жɵнүндɵгү» мыйзамдын 11 беренесинин 6 бɵлүгүн бузганын, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын айтып, тез арада кылмыш ишин козгоону ɵтүнгɵн. Анткени, А.Беккулиева Россиянын Ростов облусунан энени камсыздоо капиталын алып келген. Мыйзам боюнча мындай жардам ɵз жарандарына гана берилет.

Энелик капитал боюнча маалымат ала албаган күндɵ дагы жарандыгы бар же жогун кантип тастыктаганга болбосун! Ички иштер министрлиги жарандыкты тактай албай, жооп келбеди деп алакан жайып отурганы акылга да, мыйзамга да сыйбайт. Россия Федерациясынан жооп келбегени түшкɵ да кирбейт. Бул жерде жемкорлук орун алган эмеспи? Чодуев бардыгынын кекиртегин майлап, кɵңүлдɵшүн куткарып калганы тастыкталабы?

Бул саам «ойноштордун» окуясын ушунчасы менен жыйынтыктай туралык, бизде дагы материалдар бар, аларды кийинки сандарда кеп кылабыз. Эгерде Чодуев күнɵɵсүн мойнуна алган таризде башын катып жата бербей эл алдында агынан жарылам десе микрофонубуз даяр. Бирок анын мындай эрдикке эрки жетерине ишене албайбыз. Паам-парасаты киндиктен ɵйдɵ кɵтɵрүлɵ албаган адам эч качан ачык чыга албайт да. Ɵкүнгɵнүбүз ушундай деңгээли тɵмɵн, акылы тайыз, ойноштон башканы ойлобогон пендени ɵкмɵт жетекчиси жалпы кыргызды шылдыңдагансып министр кылып койду. Бул элдин бетине түкүргɵн менен барабар да. Баса, Чодуев азыр Беккулиеванын тɵшɵгүн бɵлүп, Түркияга кеткен Мээрим деген «сулуусун» койнуна тартканы жатыптыр, ватсаптагы аудиосу бизге келди. Анысы элге тараса шерменде болот го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости