www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зейнаб Сулеймани атасын жерге берүү зыйнатында Трамп атасын өлтүрткөнү менен баары бүтүп калбашын айтып, Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин АКШ жана Израиль үчүн “кара күндөр” келишин айтты. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.
Зейнаб Сулеймани:”Акмак Трамп, атамды өлтүрткөнүң менен баары бүттү деп ойлобо! Бул ишиң жоопсуз калбайт. Атамдын өлүмүнөн кийин АКШга жана Израилге кара күндөр башталат”,- деп билдирген.
Эскерте кетсек, Генерал Сулеймани Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүнүн командири болгон. Бул уюм чет өлкөлөрдө жашыруун аскердик операцияларды уюштуруу менен алектенет. Ал акыркы 20 жылда Жакынкы Чыгыштагы таасирдүү оюнчу болгон. Генерал Ирак жана Сириядагы согуштардын "башкы архитектору" деп аталган.
Ал эми Трамп менен Иран жана Ирак мамлекеттеринин тирешүүсү күн санап өсүп, дүйнө коомчулугу бул мамлекеттерди сабырдуулукка чакырганы менен майнап жок болууда.
Ал эми бул арада Кошмо Штаттын Конгресси Трампка каршы чара колдонуу чечимин кабыл алууну көздөөдө.
Булак:NazarNews.kg