www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы Советтер союзу, учурдагы КМШ өлкөлөрү Жаңы жылды белгилеп, Жаңы жылдан кийинки эс алуудан кийин иш жумалыгына даярданып жаткан маалы. Аталган шериктеш өлкөлөрдүн тургундары салтка айлангандай жыл сайын сыналгы аркылуу Жаңы жылдык концерттик программаларга күбө болушат. Концерттик программалар деле бардыгы бири-бирине куюп койгондой окшош. Баягыдай эле элге таанымал саясатчылар каалоо-тилектерин арнайт, ырчылар обон созуп, ыр ырдайт, куудулдар ый-күлкүсүн аралаштырып, элдин назарын бурат. Журт аталары болсо түнкү 00:00дө калың журтту жаңы кирип келген жаңы жылы менен куттуктайт дагы жаңы жылга карата приоритеттүү багытты аныктайт.
Бул жаатта бир гана Түрмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзгөчөлөнө алат. Ал бул жылы салтка айланган каалоо-тилектерди четке коюп, өзү диджейлик пультка туруп, элине жагымдуу маанай тартуулай алган.
Ошентип, мурдагы союз өлкөлөрүнүн ичиндеги эли эң кембагал өлкөнүн журт атасы ачка жаткан журтуна ошентип шаң тартуулай алды. Мындайды “пир во время чумы”, - деп койчу эле кыраакылар...
Булак: Nazarnews.kg