www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын дене түзүлүшү тынбай иштеп туруучу механизм. Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден-соолугу жөнүндө унутуп калат. Ошондуктан ден соолугубуз бекем болуш үчүн күнүмдүк, анча маани бербеген эрежелерге токтолобуз.

1. Сууга түшүп бүткөндөн кийин, беттеги безеткилердин чыгып кетпеши үчүн ысык сууну азайтуу керек. Муздак суу беттеги тешикчелерди жаап, кир жана бактериялардын кирип кетишине бөгөт коет.

2. Уктаар маалда мурдуңуз бүтөлсө, жатаарда башыңызга пияз коюп жатсаңыз пайдасы бар...

3. Эгерде шакыйыңыз кармаса жана аны дары-дарымектин жардамы менен айыктыра албай жатсаңыз, анда колуңузга бир бөлүк муз алып ооруган жерди укалоо керек.

4. Катуу күлгөндө же кыйкырганда башыңыз ооруса, өзүңүздү токтотуп акырын күлүп, жай сүйлөөгө аракет кылыңыз. Анткени мындай учурда кан басымыңыз көтөрүлгөн болот.

5. Муздак бир нерсе жеген маалда баштын оорусу, денеңиздин үшүгөнүнөн кабар берет. Мындан арылуунун жолу тилиңизди таңдайыңызга такап, күтүп туруу кажет.

6. Чиркей чаккан убакта кычышуудан арылуу үчүн ошол жерге дезодорант чачыңыз.

7. Изилдөөлөр көрсөткөндөй оң кулак сөздөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жакшы угаары, ал эми сол кулак музыка жана үндөрдү кабыл алуусу жакшыраак экени маалым болду.

8. Эгер тишиңиз катуу ооруп жатса, сөмөйүнүз менен ооруган жерди сыртынан укаласа, оорунун 50% азайтууга болот.

9. Чүчкүрөөрдө чүчкүрбөй басып калуу албетте мүмкүн эмес. Бирок өзүңүзгө ишенсеңиз, тилиңизди тишиңиздин артына бастырып, токтотуп калсаңыз болот.

10. Эгер жатып дароо турган маалда башыңыз айланса бутуңузду жерге коюңуз. Бул абалда баш айлануу токтойт.

11. Уктай албай кыйналасызбы? Бир мүнөттөй көзүңүздү жумуңуз, кантип уктаганыңызды байкабай каласыз.

12. Эгер уйкуңуз ачылбай жатса, демиңизди ичиңизге кармай алганча кармап, анан жайдан чыгарсаңыз уйку качат.

13 Айымдар эркектерге караганда үшүкчүл келишет. Айымдардын денесиндеги май бир жерде топтолот. Бул себептен бети-колдорунун тез үшүп кетүүсүнө себеп болот.

14. Изилдөөчүлөр орто жаштагы жана жаш адамдардын жыты болоорун, бирок кары адамдардын жыты аз жана жагымдуу болоорун белгилешти.

15. Түндөсү эч бир себепсиз даараткана үчүн ойгонгонуңуз туура деп ойлойсузбу? Адистердин айтымында ичеги карынды контролдогон акылдуу нейрондорго байланыштуу, дененин биологиялык тузүлүшүнөн улам бул муктаждык пайда болот.

16. Адам организминдеги эң күчтүү булчуң-тил. Тил менен 2000 ден ашык даам сезүүгө болот.

17. Сөөмөй жана аты жок манжалары тең болсо, тилекке каршы жүрөк оорулары менен ооругандын белгиси.

18. Тиш түзүлүшүбүз өмүр бою өз калыбында калбайт. Карыганда тиш этиндеги сөөктөр тарыйт, б.а. тиштер каруусун жоготуп, өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошондой эле тамеки жана тиш эттеги оорулар тиштин түзүлүшүнө чоң таасир берет.

19. Ашказан курулдашы биз үчүн жакшы жаңылыктан кабар берет! Бат-баттан жана аз-аздан тамактануу менен бул үндөрдөн арылабыз.

20. Эгер бир мүнөттө 15 жолу дем алсаңыз өпкөнүн жакшы иштешинен кабар берет, ал эми 25 жолу дем алып жатсаңыз ден соолугуңузга көңүл буруңуз керек, демек...

21. Адамда болжол менен 2 миллиондой тер бездери бар. Орто эсеп менен адам бир күндө бир литр тер чыгарып, 540 каллорий жоготот. Аялдарга караганда эркектер 40% га аз тердешет.

(Фейсбук баракчасынан алынды)

Последние новости