www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы бийлик элдин маанайын байкап, мындан аркы кыла турган иштерине бир аз болсо да баам салды. Кызыл-Омполдо уранды казуу боюнча "чалгындоо" шылтоосу менен аны казууга жол берип койгондору бул өз элине чыккынчылыгы. Уран бул элдин генефондун эле эмес, жалпы табиятты талкалай турчу химиялык өндүрүш. Чернобыль, Фукусима азыр да оңоло албай жатат. 2011-жылдагы атомдук станциянын Японияда жарылышы техникалык коопсуздук эң жогорку деңгээлде сакталган өлкөдө кандай залака тийгизгенин айтпасак да белгилүү.
Учурунда андагы КПССтин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевди СССРдин геология министрлиги кыйнап, министрлер советинин чечими менен Кызыл-Омпол, Сандык кендери ачыла турган болгон. Ага улай эле "Кумтөр" кени да мампландын негизинде токсонунчу жылдардын башы, сексенинчи жылдардын аягында ачылмак.
Совминдин чечимине каршы чыга албай Усубалиев айласы куруп, "эс алуу шылтоосу менен" СССРдин биринчи катчысын чакырып коноктоп, кетээринде гана "Эгерде Совминдин чечими менен бул кендерди ачсак, ыйык көлгө айланган Ысык-Көлдөн ажырап калабыз" - деп маселени кабыргасынан койгон. Ошондо биринчи катчы бүткүл союздук ден соолукту чыңдоочу жай макамын берип, бул кендер ачылбай калган.
Тилекке каршы, Акаев бийликке келээри менен кылым аферасына айланган «Кумтөр» кенин ачтырып жиберип, экологияга бир топ терс таасирин тийгиздирди. 1997-жылдагы Барскоондогу цианид окуясы али эч кимдин жадынан чыга элек. Усубалиев учурунда "Кумтөр" үчүн Акаев менен кармашып отуруп, акыры бийликке моюн сунуп берди. Бирок биосфералык макамга ээ Ысык-Көл областындагы тоо кен өндүрүшү так ушул "Кумтөр" менен токтошу керек эле. Бирок азыркы Абылгазиев баштаган өкмөт бюджетти толтуруунун амалын таппай, ой-келди кендерди иштетүүгө жол ачып жатат. Бул өз элине чыккынчылык.
Өкмөт актануунун жолун таппай, азыр эл аралык МАГАТЭнинин экспертизасын чакыралы деген демилгени таштады. МАГАТЭ атомдук урандарды өндүргөн Иран сыяктуу атом энергетикасына көз каранды мамлекеттерди тушаган БУУнун чечимин урматтаган уюм экенин эске алсак жана бизде казылып алынчу урандын негизги кардары Россия экенин ачык айтсак, биздин өкмөттүн үмүтүнө суу себээри турулуу. Бул жагы эске алыныш керек. Аягы Россияга кирген санкциялар Кыргызстанга да кирип, Европа менен жаңы жанданып келе жаткан мамиле муздайт.
Эгерде маселенин ток этерин айтсак, президент Сооронбай Жээнбековдун жакында эле Германияга болгон иш сапары толугу менен моралдык жактан жокко чыгат. Анда азыркы өкмөт президентке каршы иштеп жатабы? Антейин десек, өкмөт башчы кечээ парламенттеги отчетго эч бир экономикалык проект, экологиялык коркунучту кепилдиктей албасын ачык айтып, эми гана эл тарабына өткөндөй болду. Анда буга чейин премьер-министр жөн гана элдин маанайы менен ойнодубу деген табигый суроо туулбай койбойт.
Булак: "Фабула"