www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурулукту ооздуктаган бүбү

Ууру пайда болуптур, жиги билинбейт деп кайрадан айыл ичи уу-дуу, аңыз кепке толду. Иш козголсо, ууру болуп ким чыгар экен. Киши бири-бирине тоскоолдук жаратпай өмүр кечире албайбы деп ойлонуп отуруп, бир учурдагы атамдын иш-тажрыйбасын эстедим. Совет мезгили эле. Анда бүбү-бакшыларга ишенмек түгүл, ишенген кишилерге катуу тыюу салынган учур. Атам милиция кызматкери болуп иштечү.

Бир айылдан төрт жылкы жоголуп, райондо катуу чуу чыгып, уурулардын учугу табылбай кызматкерлердин шаштысын кетириптир. Иликтөөчү топтун башында атам тургандыктан айласы кеткенде районго жакын жайгашкан айылдагы Жаңылкан аттуу бүбүгө барыптыр. Бүбү эне жылкыларды уурдаган топтун санын жана жайлоонун атын, атүгүл кармаган жерин да белгилеп бериптир. Чыгарында ошол күндөн кечикпей баруусун эскертип узатыптыр. Атам кесиптештеринин ишенбегенине карабай бүбү эненин айтканын аткарып, аталган жайлоодон ууруларды кармап, жылкыларды таап келет.

Ошол окуядан соң Жаңылкан энеге атам алкышын айтып, купуя көп кылмыш иштеринин бетин ачуу боюнча аныкына көп каттады. Чынында бүбү эненин айтып берчү периштеси бар эле. Ошол окуя катуу таасир бергенби, айылда уурулар ооздукталгандай болгон. Бейиши болгур Жаңылкан эненин көзү өткөнүнө көп болду. Бүгүн да бирөөлөрдүн жылкысы жоголуптур дегенинен улам баягы окуя эсиме түшкөндөгү кезим, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости