www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык Оксана Воеводина экөөсүнүн ортосундагы уулуна буга чейин ай сайын 2 милллион рубль алимент төлөөдөн баш тартып келген. Бирок, ал жакында өзүнүн мындай чечиминен баш тартып, Воеводинага 16 миллион рубль берип, баш оту менен кутулууну чечти.
Ал үчүн падыша баласынын атына фонд ачып, ал жакка аталган сумманы котороорун билдирип, дагы 10 ай аралыгында кошумча 6 жарым миллион рубль бере тургандыгын маалымдаган. Бирок, ал бир нече талап дагы койгон.
Анын талабына ылайык, Оксана жана алардын ортосундагы уулу Леон падыша Мухаммaд менен карым-катнашты биротоло үзүшү керек, бирок уулу ислам салтына ылайык тарбия алуусу шарт. Андан сырткары, Мухаммад Воеводина социалдык тармактардан өзүнүн аккаунтун жана андагы Оксана жана Леондун сүрөттөрүн өчүрүп салуусу керек. Белгилей кетсек, учурда “Мисс Москва 2015” наамынын ээси Оксана Воеводинанын Инстаграмм баракчасында 500 миң катталуучу бар.
Бирок, жакында падышанын өкүлдөрү Леондон баш тарткандыгын билдиришкен. Анын себебин падышачылык Мухаммaд, Леон анын баласы экендигинен күмөнү бар деп түшүндүргөн. Ошондуктан бала эмне себептен ислам салтында тарбия алуусу шарт деген талап коюлгандыгы түшүнүксүз.
Эске салсак, “Мисс Москва 2015” конкурсунун жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен Малайзиянын падышасы Мухаммaд V 2018-жылдын ноябрында баш кошушкан. Уулу Леон 21-майда төрөлгөн. Анын толук ысымы Тенку Исмаил Леон Петр Бин Тенку Мухаммад V Фарис Петр. Бирок, Оксана аны кыскача эле Леон дейт.
Булак: NazarNews.kg