www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-ноябрда отставкага кеткен Боливиянын президенти Эво Моралес Мексикага учуп кетти. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, Боливиянын президенти Эво Моралес аргасыздан отставкасын жарыялаган. Анын бул кадамына элдин толкундоосу себеп болгон. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести президенттик шайлоодон кийин кызматтан тез арада кетүүсүн талап кылган.
20-октябрда Боливияда президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнүн жогорку шайлоо соту Эво Моралести жеңүүчү деп атаган. Ал эми анын шайлоодогу негизги каршылашы журналист Карлос Меса 11,5 пайызга аз добуш алды деп жарыяланган. Ошондон тартып Боливиянын төрт бурчунда нааразычылыктар күч алган.
Эво Моралес өлкөнү 13 жыл башкарган.
Булак: NazarNews.kg