www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ууруну алыстан издебе, ак үй, көк үйдөн эле табасың

Канчалаган коррупциялардын бети ачылбасын, ал мамлекеттик бийик кызматтарда тургандардын айланасында гана болот. Анан калса, алардын ишенимдүү адамдары, калканычы, колдоочусу деле бир кокуй шордуу эл эмес. Чын да. Колунан бийлиги келгени эле аны кылбаса, калганыбыз кайдан. Буга чейин деле бир топ ар кандай коррупциялык иштер болбосун, ак үйдүн "ак чүч" деген чиновниктеринин же депутаттарынын жакындары болуп чыкканы жалган деле эмес. Айрым жол эрежелерин бузгандар, бейбаштык кылгандар, баш ийбөө кылмыштарын деле ошолордун жакындары жасап, жай гана басып кетишкенин же жаап коюшканын жакшы эле көрбөдүкпү. Эми минтип даагы бир кьшмыштын кылтагына дал ошондой депутаттан жакыны, бир тууганы ишенип олтурат. Депутат Данияр Төлөнов дегенди коомчулук жакшы деле тааныбаса керек. Жашырынып жакшылык кылып жүрбөсө, ачык коомдо андай депутаттын бар экени деле белгисиз. Мына ушул депутаттын бир тууганы Бахтияр Төлөнов өз кызматынан кыянат пайдаланып 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал №1 тергөө абагына 9-мартка чейин камакка алынды. Ал кыргызстандыктарга чет элде иштөөгө квота берген комиссиянын төрагасы болуп да иш жүргүзөрү айтылган. Сыягы кылмышы ушул багытга болсо керек. Бахтияр Төлөнов Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору болуп эмгектенип жаткан. Маалыматтарга караганда ал кечээ күнүн кечинде кармалган жайда журөгү кармап, ага тез жардам чакырылганы кабарланууда.

Булак: Факты.kg

Последние новости