www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө Subaru Outback менен суу ташыган КамАЗ сүзүштү.

Үрөй учурган окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кырсык Канттагы Биринчи май айылына кеткен жолдо болгон. Үч адам оор абалда экени айтылууда.

Соцтармактын колдонуучулары түндө жол оңдогондо коопсуздукка көңүл бурууга чакырышууда. Анткени аталган тилке начар жарыктандырылган жана жолдо жарык чагылдыруучу белгилер жок деп жатышат.

аЛ ЭМИ, Чүй облустук ЖКККББнын расмий маалыматына ылайык, жол кырсыгы 26-августта саат 02:10 чамасында болгон.

Subaru Outback унаасы жол оңдоо иштерине байланыштуу жолдун жүрүшүн тосуп турган КамАЗ менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган айдоочу жана анын 2004 жана 2003-жылы туулган эки жүргүнчүсү Кант шаарындагы ооруканага кайрылышкан.

Кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.

Последние новости