www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда уят сөздөр менен сөгүнүп жаткан милиция кызматкеринин видеосу тараган. Тасманы жаш жигит телефонуна тартып алган. Ал милиция кызматкерин мыйзамсыз кармадыңар деп, унаасындагы адамды бошотуусун талап кылганда, кызматкер баш ийбегени үчүн кармаганын айткан.

Офицерден спирт ичимдиги жыттанганын байкаган жаранга тартип сакчысы "Эмне, мага арак куюп койдуң беле? Бар, жүз грамм ичип келчи", - деп жооп берген.

Видеонун автору укук коргоо органынын автору мас абалында деп болжогон.

Бул видеотасма тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан тасмадагы милиционер Балыкчы РИИБинин кызматкери экенин аныкталганын билдиришти.

«Кызматтык териштирүү дайындалды. Видеотасманы тарткан жигит анын мас абалында экенин айткан. Бирок арадан канча убакыт өткөнү, бул видео качан тартылганы аныкталат.

Ал уят сөздөр менен сөгүнүп, өзүн туура эмес алып жүргөнү үчүн чара көрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет”, - деп кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин Ош облусундагы милиция кызматкери да айдоочуну сөккөндүктөн, жумуштан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости