www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында аял эки баласы менен кошо 9-кабаттан секирип кетти. Анын натыйжасында 36 жаштагы аял менен анын 9 айлык кызы каза болду. Алты жаштагы уулу болсо оор абалда ооруканга жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-ноябрда эртең менен Москванын Бабушкино районунда болгон. Секирип кетээрден мурун Людмила Соколова аттуу аял кичүү кызы Анянын алсырап жатканын, табитинин жоктугун жана шалдырап жатканын айтып “Тез жардам” кызматына кайрылган. Бирок, айтылган дарыгерлер дарекке келгенде эшикти эч ким ачкан эмес. 

Людмила Соколова өлүм алдында кат жазып калтырып кеткен. Катта анын иш аракети үчүн күйөөсүн түрмөгө отургузбоону суранган.  Виталий Соколов аялы Людмила төрөттөн кийин депрессияга түшүп кеткенин, аялынын бул кадамга барышына ошол себеп болушу ыктымал экенин айткан. 

Людмила 2019-жылы жазында кызын төрөгөндөн кийин өлүм тууралуу ойлонуп калган. Акыркы убактарда ал дарыгерге балдарым ооруп жатат деп көп кайрылчу. Секирээр алдында да ал кичүү кызынын табити жок, алсырап жатат деп дарыгерлерге кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости