www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин редакцияга «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору аталышындагы тегерек столдун алып баруучусу Айбек Бузурманкулов кайрылып, Таластагы Жер үй кени боюнча көйгөйлөрүн билдирди. Ага кошумча жакынкы аралыкта бийликтин баардык бутактарына Кайрылуу жасаганын айтып, аталган кендин жең ичинен сатылып кетилишине түздөн-түз күнөөлүү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановду айтты.

-Айбек мырза, бийликтин баардык бутактарына Кайрылуу жаздым дедиңиз, сыр болбосо айтып берсеңиз.

-Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында «Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир» деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырган. Биз Президенттин бул чакырыгын колдойбуз. Ѳзүңүздѳр билгендей Эгемендүүлүк алгандан бери Кумтѳрдѳн кийин эле алтындын кору боюнча экинчи орунда турган Жерүй алтын кенинин лицензиясы ар кандай себептер менен колдон колго ѳтүп келет. Эң биринчи Башкы келишим «Кыргызалтын» МК (Президенти Д. И. Сарыгулов) менен Америкалык компания «Моррисон Кундсен Гоулд» (Вице-президенти Д.Л. Снеддон) түзүлүп, 1993-жылдын 17-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. Чынгышевдин №266 токтому менен бекилген. Аталган Башкы келишимде Кыргыз Ѳкмѳтүнүн үлүшү 70% деп кѳрсѳтүлгѳн. Ал эми эмне себептен 2015-жылы 5 млрд. доллар алтындын кору бар Жер үй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурста Кыргыз Мамлекеттин үлүшү - 0% болуп калгандыгы, конкурста коррупциялык элементтердин бардыгынан кабар берет. Эмне себептен Жогорку Кеңештин депутаттары ЖЭБтеги коррупция боюнча мамлекеттик комиссия түзөт да, ал эми 5млрд. алтындын кору бар Жерүй конкурсунун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү боюнча мамлекеттик комиссия түзүшпѳйт? Ошол себептен көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана маселени чечүү жолдорун сунуштоо максатында 2020-жылдын 14-январында Бишкек шаарында «Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору»деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты, кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттер, жарандык активистер, Талас облусунун тургундары, кайдыгер эмес жарандар катышып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышты.

-Сиздердин багытты коомчулук кандай кабыл алып жатат?

-Коомчулук акырындап туура түшүнүп жатат. Тилекке каршы, маанилүү маселе көтөрүп чыксаң эле “сени Жаныш Бакиев же Матраимов каржылап жатабы?”, деген суроолорду беришет. Жер үй алтын кенине Матраимовдун кандай тийешеси бар, өздөрү деле ойлонушу керек. Социалдык тармактарда болсо “тиги минтип сүйлөдү, бул минтип сүйлөдү” деп хайп кылып олтура бериштин кажети жок.

Төмөндө Айбек Бузурманкуловдун видеомаеги толугу менен...

Булак: NazarNews.kg            

Последние новости