www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кыргызстанда парламенттик башкаруу болгону менен депутаттар президентке көз каранды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине саясий серепчи Алмаз Тажибай.

--“Кыргызстанда парламенттик башкаруу болгону менен депутаттар президентке көз каранды. Алар президенттен коркот. Себеби, президенттин колунда УКМК бар. Эгерде бир нерсени ачык айтса президент УКМК менен ага кылмыш ишин козгоп, ачык-айкын иштөөгө жол бербей келет. Буга чейин ушундай эле болуп келди. Бул баарына эле белгилүү. Андыктан президенттик институтту жоюп салышы керек болчу. Ошондо парламенттик башкаруу жакшы жыйынтык бермек. Алар эч кимге көз краандысыз ачык иштейт. Ал эми депутаттарды эл шайлаган ошого алар элге жакын болушмак. Бир жагынан элдин башын айлантпай бир тараптуу кетсек жакшы. Ал эми сот система өздөрү билгендей калчап жатышат. Жемкорлукка батып кетти. Сот системасы дагы президенттен же парламенттен көз каранды болушу керек. Кыргызстанда 4 институт болуп чачкынды болуп жатат. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргошот. Элди эч ким ойлобойт. Карапайым эл жакшы адам президент болсо өлкө оңолот, жыргап жашайбыз деп ойлоп жатышат. Тилекке каршы президенттик башкаруу болсо тескерисинче чыгым көп болот", - дейт Тажибаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости