www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу ирандык швед ырчысы Араш Өзбекстанга келери менен камалышы мүмкүн. Анткени ал Өзбекстан менен ортодогу келишимди бузган.  

Ташкенттик “Nigora Media Group” компаниясы менен Араштын “Extensive Muzik Sweden AB"  компаниясы биргеликте концерт коюш үчүн атайын келишим түзгөн. Тилекке каршы, Араш келишимди бузуп концертке келген эмес. Өзбекстандык “Nigora Media Group” компаниясы Арашты сотко берип 25 миң АКШ долларын түзгөн айыпул салган.

Аталган компаниянын башчысы Нигора Соим Араштын концертке келбей койгондугунан улам 50 миң доллар зыян тартканын айтканын айтып, 70 миң доллар төлөп беришин талап кылган. Соттун чечими расмий Арашка жөнөтүлгөнү менен жыйынтык чыккан эмес.

Араштын концерти Ташкент шаарында 13-октябрга белгиленип, кийин 31-октябрга жылдырылган. Араштын мындай “лапша” илгени бул биринчи жолку эмес, Душанбе менен дагы келишим түзүп коёндун сүрөтүн тартып, концертке келбей койгон.

Суннатилла Абдуллаев

Ташкент шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости