www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жалпы митингге чыкты. Кызматкерлер жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылып, Бишкек шаарынын мэрин чыгуусун талап кылды. Бирок, аларга вице-мэр Жамалбек Рысалиев жолугууга келген.

Рысалиев сөз сүйлөп жатканда аны коштоп жүргөн аткаминерлердин бири "Тазалыктын" кызматкерине сөз бербей, түртүп баштаган. Бул кызматкерлерге жакпай, аткаминерди сабап кете жаздашкан. Ушундан улам ал качып кеткен.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Жамалбек Рысалиевди укпай жатат. Алардын айтымында, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн деп калп айтып жатышат.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жумушчуларынын нааразылык акциясында "Тазалыктын" башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди. Жаңы жетекчиге бул жумушчуларга дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Последние новости