www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор менен акыйлашкан министр таптазабы?

Фейсбукта атагы таш жарып чыга баштаган министр: "Мен президент менен жакшы мамиледемин. Андай мамиледе болбосок, анда мен эбак эле кызматтан алынмакмын. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, ага рейтингдин кереги жок жана ал эч качан рейтингди карабайт, ал жумушун аткарат: «Менин рейтингим нөл болсун, бирок мен өз ишимди жасайм. Жыйынтыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен министрлер кабинети берет, оң чечим чыгат деп ишенем. Бирок, айта кетейин мен кетпейм, ордумда калам. Эгер калбасам, хирург болом», - деди министр. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети ушул аптада саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилигин карай турганы маалымдалган.

Этика, ыйман эмне экенин уруп ойнобой энтелеңдеп өз билгенин жасап жаткан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Башкы прокуратура эскертүү берди. Мындай чечим ЖМКларга жарыяланган жана жарандардан келген маалыматтарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган. Буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин Талас облусунун өкүлдөрүнө карата айтылган сөздөрү тараган, өлкөнүн башкы көзөмөл органы министрдин жүрүм-туруму этикага туура келбейт деп эсептейт.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «АКИpress» агенттигине Башкы прокуратуранын чечими боюнча өз оюн билдирди. Буга чейин Башкы прокуратура Бейшеналиевдин «Көз микрохирургиясы» клиникасынын ээси Алмазбек Исманкуловдун айтканы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылган. Башкы прокуратура Бейшеналиевге эскертүүдөн баштап кызматтан алууга чейинки жаза берилиши мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле Бейшеналиев таластыктар тууралуу айтканы боюнча эскертүү алган. Бейшеналиев өзү Башкы прокуратуранын мындай чечими адилетсиз экенин айтты: «Башкы прокурор Курманкул Зулушев ким, мени кызматтан алгыдай? Мени эл же президент жумуштан бошотот. Тескеринче, ал мага Исманкуловду кууп чыгууга жардам бериши керек болчу. Мен бүгүн имаратта болдум, мөөр менен жаптык. Күч структурасы мага жардам бериши керек, а мен жалгыз барып жатам. Мен канча жолу жардам сурадым. Баары унчукпайт. Мен жетишип калышым керек, мени баары бир кызматтан алышат.

Мамлекеттик мүлктү кайтаруу үчүн иштей берем. Мени президент, эл же журналисттердин тобу кызматтан алышы керек. Башкалар ала албайт. Алар ким? Кечээ башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жолукканбыз, ал мени камай турганын айтты. Мен эгерде күчүң болсо кама дедим. Мен жалгыз күрөшүп жатам, баары коркуп жатышат. Эмнеге министр болдум? Бардык министрлер отурат, мен дагы ошентип отурсам болмок, журналисттер, башкы прокурор да мага асылмак эмес. Бирок баары асылып жатышат. Чалып, коркутушат. Ким туура кылып жатканын эл таразалайт. Мен токтобойм, күрөштү улантам. Жетишпей жатканыма капамын. «Алтын балалыкты» 1-июнда берем, травматологиялык корпусту тапшырдым», - деди Бейшеналиев.

 Ал президент да эскертүү бергенин кошумчалады. «Өзүмдү туура алып жүрүшүмдү айтты, жаман сөз айткан жок», - деди саламаттыкты сактоо министри.

Дамира Ниязалиеванын «аптекабосстору» дарыларды кымбаттата баштады. Ал эми аларга чара көрүүнүн ордуна Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар ким менен тил табыша албай урушуп жатат. Азыркы кылып жаткан иштери коомдо жаш өсүп келе жаткан жаштарга терс таасир тийгизип жатат. «Аконит» министрдин өзүнүн деңгээлине карабай туруп, сөгүнүп, оозуна келгенди айтып, «тишин санап, чачын жулуп» жатканы коомдо өсүп келе жаткан жаш муунга терс тарбиянын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Анткени, алар «демек, азыркы коомдо билим менен маданияттуу болуунун деле кажети жок экен. «Президенттин эрке баласы» болуп, бирөөнүнү колтугуна кирип алса эле болду экен» деп ойлой башташат. Тез арада бул министрге чара көрүлбөсө арты жаман болот. Акыры азыр аны колдоп жаткан элдерди да бир күнү өз үйлөрүнөн да кууп чыгышы мүмкүн. 

Алымкадыр Бейшеналиевдин бул жосунсуз жоругуна «кой» дей турган жогору жактагылар эмне кылып отурат? Негизи, мыйзамда «преступное бездействие» деген бар. Кылмышты кандайдыр бир иш аракеттер менен эмес, унчукпай отуруп деле жасаса болот. Мына азыр бийликтегилердин «аконит» министрдин кылгандарына эч кандай реакция кылбай, карап отурганынын өзү да кылмыш болуп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости