www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Калифорния штатындагы Окленд  шаарында метронун кызматкери жакындап келе жаткан поезддин алдына жыгылып түшкөн адамды куткарып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя 3-ноябрда “Колизей” метросунда болуп, ал учур видеокамерага түшүп калган. Видеодо киши жолдун чекеси менен өтүп баратып поезд өтүүчү темир жолго кулап кеткенин көрүүгө болот. Ал тура калып платформаны көздөй чуркап жөнөгөн, бирок өзү чыга албай, поезд өтө жакын келип калган кезде метронун кызматкери чыгарган. 

Кийин ал адамдын Транспорт бөлүмүнүн башчысы Жон О Коннор экендиги белгилүү болгон. Ошол күнү ал футбол матчынан кийин станцияда толгон элди көзөмөлдөөгө жардам берип жүргөн. 

“Мени Кудай кандайдыр себептер менен ошол жерге койгон деп ойлойм. Ар бир адам мындай окуяга туш болушу мүмкүн”,-дейт Жон.

Маалымат боюнча поезддин алдына түшүп кеткен адам мас абалда болгон. Ал дагы футбол оюнунан кайтып келе жаткан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости