www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
XXI кылымда баш кошуп, көп өтпөй кайра эки ажырым түшкөндөр арбып кетти. Бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп калды. Он же андан көп жыл жашап деле ажырашып кеткен үй-бүлөөлөр да бар. Көпчүлүк учурда жубайлар ажырашканда, ортодогу балдар энеси менен калат да, атасы балдарына ай сайын алимент төлөп калат.
Белгилүү болгондой, мындай өлкөлөрдүн катарында Италия биринчи орунда турат десек болот. Италияда ажырашууда мүлктүн 60 пайызы жана ортодогу балдары аялы менен калат. Мындан сырткары ажырашкан эркектердин 94 пайызы ай сайын алимент төлөөгө милдеттүү. Мына ушундан улам аталган өлкөдөгү ажырашкан эркектердин көпчүлүгү банкрот болуп көчөдө калышат.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Италияда волонтерлордун жана христиан дин уюмдарынын ыктыярчылыгы менен атайын ажырашкан эркектер үчүн убактылуу жашай турган жай ачылды.
Ажырашкан эркектер аталган мекемеде бир жылга чейин гана жашай алышат.
Булак: NazarNews.kg