www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Азрет Али Алайкууда алкыш алды

18-май күнү Алайкуу өрөөнүнүн Коо-Чаты айылында спорттук мелдеш – “Аттокур-Ата” кубогу болуп өттү. Иш-чара Аттокур атанын уулу Акматбек Жусубалиевдин жаркын элесине арналып, аны “Аттокур-Ата” коомдук фондунун негиздөөчүсү, жаш активист Азрет Али Аттокуров өткөрдү.

Волейбол, шахмат, ордо оюндары боюнча спорттук турнирди өткөрүү салтка айланып, алты жылдан бери аталган өрөөндөгү он үчайыл арасында: Ичке-Суу, Терек-Суу, Сары-Бээ, Кара-Таш, Көндүк, Ой-Тал, Терек, Коо-Чаты, Күйөө-Таш, Кайың-Талаа, Кан-Коргон, Көк-Арт, Сайтала айылдарында, ар жылы ар башка айылда уюштурулуп келет. Быйылкысы Коо-Чаты айылында куттуу Рамазан айына туура келип, жергиликтүү элге шаң тартуулаган өзгөчө майрам болду.  

Алыскы Алайкуу – тоолордун койнундагы керемет өрөөн. Жолунун татаалдыгына карабай, бейиштин төрү. Ал жерди байырлаган элдин өзгөчө менталитетке эгедер экенин айтып, меймандостугун мактаган кишилер көп. Мындай элдин жашоо образы, айрыкча жаштарынын спортко кызыгуусу да күч. Спорт – ден-соолук булагы, сергек жашоо мүнөзү гана эмес, ийгилик менен ынтымактын башаты. Алайкуунун кулуну Азрет Али Аттокуровдун жыл сайын кичи мекенинде спорттук турнир уюштуруп, жаштарды спортко – ийгиликке, ынтымакка үндөгөн аракети мактоого арзырлык.

Элибиз уулдарды “Ата уулу ардак, эл уулу сыймык” деп баалайт. Анын сыңары, ата даңкын көтөрүп, атын калтыруу, элге-журтка ак кызмат кылуу ар бир азаматтын милдети. Азрет Али Аттокуров чоң атасына арнап элге чай берди, бата менен алкыш алды. Эл уулунун эртеңине ийгилик каалайлы!

Салттуу иш-чара – спорттук мелдеш кийинки жылы Кайың-Талаа айылында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости