www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында «Акиф» фирмасын тартып алуу аракеттери жана судья Боромбаевдин мыйзамсыз чечими» деп аталган макала жарыялаганбыз. Ал макалада «Акиф» фирмасына карата жасалып жаткан ар кандай мыйзамсыз иштерди баяндап жазып, жогорку бийликке калыс чечип берүү маселеси боюнча коңгуроо каккан элек. Бирок эмдигиче маселе чечилбей, «Чубактын кунундай чубалжып» жатканын байкоого болот. Кечээ күнү «Акиф» фирмасынын жамааты Башкы прокуртуранын алдына тынчтык митингине чыгышты. Аталган фирманын жамаатынын талаптарын жана Башкы прокуратуранын жообунан мурун биз түшүнүктүү болуш үчүн, «Акиф» фирмасы  эмне үчүн мындай адилетсиздикке кабылганын төмөндө кыскача баяндайлы.

Окурмандардын эсине

2016-жылдын мартында И.Майсызов Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына С.Фищенко  кыргыз-орус компаниясы “АКИФтен” (Ош базарында эт сатуучу павилонго ж.б. мүлктөргө  ээлик кылат  )2013-жылдын августунда 2,5 млн. доллар жана декабрда дагы 700 миң доллар накталай алган деген арыз менен кайрылган. Көп өтпөй ЭККМК кызматы ал арызга таянуу менен кылмыш ишин козгогон.  Кийин иликтөөнүн натыйжасында бул иштен И.Майсызовдун өзүнө жана шериктештери Б.Абдыкаровго, Ф.Аблямитовага жана башкаларга карата документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, салыктарды төлөбөө жана алдамчылык боюнча кылмыш иштери бөлүнүп алынган. Чынында Майсызов  Фищенкодон эч кандай акча алган эмес. Тергөөдө берген көрсөтмөсү да такыр туура эмес болуп чыккан. Ал иштердин фигуранттарына карата айыптар тагылып, камакка алуу, баш коргоо чарасы тандалып, И.Майсызовдун ишин караган Биринчи Май райондук сотунун судьясы М.Термечиков  2018-жылдын декабрь айында атайын токтом  менен ага кошумча бир катар, анын ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык жана С.Фищенкого жалаа жабуу сыяктуу айыптоолорду коюу  чечимине келген.  Бир сөз менен айтканда,  сот иш боюнча далилдерди изилдеп көрүп, 2013-жылы С.Фищенко тарабынан эч кандай уурдоо болбогондугун тастыктап чыккан.  Тергөөнүн жүрүшүндө  кылмыш иши С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугунан улам эки жолу кыскартылган. Биринчи токтомду  И.Майсызовдун арызы боюнча 2017-жылдын 25-апрелинде ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү З.Оморбеков, экинчи жолу — ушундай эле негизде кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтомду, финполициянын тергөөчүсү А.Мамбетов ушундай эле токтомду  2018-жылдын 22-июлунда чыгарган.  Ошондой эле бул иш Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Боромбаев тарабынан каралып,22-августунда сот тарабынан да тастыкталып, бекитилген.  Ал чечим кийинки соттук инстанцияларда даттанылбаган. Ошентип, ойдон чыгарылган жалаа мыйзамдуу жол менен четке кагылып, акыйкаттык жеңди деп турган кезде,  сот Боромбевдин  акылга сыйбаган дагы бир чечими чыгып калбаспы. Жогоруда айтылгандай кезегинде судья А.Боромбаев өз чечиминде С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугун тастыктаганы менен,  ушул жылдын 30-январында аны камакка алуу жана камакка алуу мөөнөтүн узартуу токтомун чыгарган.  Мына кызык. Боромбаевдин  Фищенконун аракеттеринде кылмыштын курамы жок дейт да кайра, аны камакка алуу чечимин чыгарып жатканы кайсы акылга сыят?  

Насыя төлөнгөн…

2016-жылы декабрда рейдерлер сүрүлүп чыгарылгандан кийин да фирма тарабынан төлөнүү менен 2017-жылы карызды “Альфа-Бестке” чегинүүгө чейин банкка кредит боюнча дагы 300 миң доллар төлөнгөн. Ошентип 3 миллион доллар кредит берген банк кайра “АКИФтен” 1,5 млн. доллар жана талап кылуу укугун чегинүү келишими боюнча дагы 2,350 млн., жалпысынан 3,850 млн. (!) доллар алып жатат! Ошондо банкка эч кандай зыян келген эмес.  Тергөөчү болсо, Фищенконун банкка зыяны кылууга “ниеттенген” деп айпытаганы да кызык. Чынында   иш жүзүндө ал айыптап жаткан адамдар 3 млн. доллар кредит үчүн банкка 6 млн. долларлык мүлктөрүн коюшуп, 27 ай аралыгында кредит боюнча жалпысынан 1,2 млн. доллар суммада төлөмдөрдү төлөшүп турган. Анан дагы 9 ай фирманы рейдерлер басып алып турганда кредит боюнча төлөмдөрдү төлөөгө аракеттенишип, ишканага көзөмөлдү өз колдоруна алышкандан кийин дагы 300 миң доллар төлөшкөн. А банк болсо кредиттин калганы боюнча талап кылуу укугун тигил рейдерлерге сатып жиберип жатпайбы! Ушу тапта Россиянын жараны, ишкер  С. Фищенко  ушул жылдын 30-январынан бери жөн жерден камакта олтурат.  Деги кайсы мыйзамда бар экен, “кредитин төлөбөй коюга ниеттенген” деген айып менен адамды камап салган.

Төрт талап аткарылабы?

Кечээ күнү «Акиф» фирмасынын жамааты акыйкаттыкты талап кылышып, Башкы прокуратуранын алдында митингге чыгышты. Башкы прокуратурага карата аталган фирманын жамааты төмөндөгүдөй талаптарды коюшту:

  1. Кылмыш ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан ИИМге өткөрүү маселеси эмдигиче чечилбей жатат. Бул боюнча Октябрь райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун 4 чечимин чыккандыгына карабай маселе ишке ашырылбай турат. Бул ишти Кылмыш жаза кодексинин 255 беренесине ылайык Башкы прокуратура  менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аткарган жок.
  2. «Акиф» фирмасынын  негиздөөчүсү С.  Фищенконун укуктары тебеленип, бул боюнча бир катар мыйзам бузуулар болду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан сот иштерине Абдраимов Курманбек Рахимович сунушталган. Бирок ал мындай ишке аралашууга укугу жок. Себеби, анын лицензиясы  Юстиция министрлиги тарабынан токтотулган. Ошондуктан ал ар кандай тергөө иштерине катыша албайт.
  3.  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү А. Сабиров «Акифке» козголгон кылмыш ишин мыйзамдын негизинде тергебей, кызмат абалынан пайдаланып,  көп ирет мыйзамды бузуп, өзүм билемдикке   барган. Бул боюнча «Акиф»  фирмасы тиешелүү укук коргоо органдарына 7 ирет кайрылуу жолдогону менен, ага карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Башкы прокуртура тарабынан да тиешелүү чара көрүлгөн жок.
  4. Б. Абдыкадыровго оор кылмыш ишинин 8 эпизоду боюнча айып тагылганына карабай, ал Башкы прокуратура тарабынан 2 жыл расмий түрдө издөөдө жүргөн. Бирок Абдыкадыров бүгүнкү күндө таңкалычтуу жагдайлардан улам үй камагына чыгарылды. Муну кандай түшүнөбүз?

Башкы прокуратура эмне дейт?

  1. Бир топ мезгилден бери укуктары тебеленип, акыйкат издеп Башкы прокуратуранын алдына митингге чыккан  “Акиф” фирмасынын  жамаатына Башкы прокуратуранын   Изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев чыгып: “Азыр бул кылмыш иши сотто. Биз сотко басым кыла албайбыз”- деген гана учкай жооп узаткан. Башкы прокуратура кандай болгон күндө да эң башкы мыйзам сактоочу эмеспи. Андыктан, кылмыш иши кандай тергелди, адам укугу кандай бузулганын биринчилерден болуп көзөмөлгө алып, такылдап турушу керек эле. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатканы өкүнүчтүү.

“Акиф” фирмасына карата жасалып жаткан мындай мыйзам бузуулар жана бул иштин аягы эмне менен аяктаары боюнча маалымататрды окурмандарга берип турмакчыбыз.

Акыйкат АРСТАНБЕКОВ

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости