www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мурат мырза, акыркы мезгилде Кызыл-Омполдогу уран кенинен чыккан чырдын фонунда “Кыргызстанда уран эмес, эч кандай кен казылбасын” дегендердин саны барган сайын көбөйө баштады. Кендер мамлекеттин өнүгүшү үчүн иштеши керекпи же кен казууга таптакыр тыюу салышыбыз керекпи?

- Ачыгын айтканда, мен кенди казууга, аны эл, мамлекеттин өнүгүшү үчүн иштетүүгө такыр эле каршы эмесмин. Биз суктанып тамшанган Аравия жалгыз гана кен байлыгын иштетүүдөн байып жаткандагы эч кимге сыр эмес! Орустарды, Казактарды, Түркмөндөрдү дагы багып байытып жаткан ошол эле кен байлыктар! Өз мезгилинде И.В.Мичурин: “биз жаратылыштан ырайым күтүп отурбай, андан алышыбыз керек!”- деп айткандай, биз дагы жаратылыш байлыгын алып пайдаланышыбыз керек! Бирок, “Кумтөрдүн” алтынын казгандай эмес! Тыштан келген инвесторлорго кыргыз жеринин жаратылышы, экологиялык ахыбалы, элинин ден-соолугунун абалы такыр кызыктырбайт! Аларды бир гана - кандай ыплас жол болсо дагы эптеп кен байлыктарды казып, алдап, талкалап ташып кетүү гана кызыктырат! Мына, биздин трагедиябыз так ушул жерде жатат! Ошон үчүн кен казабыз дегендер а дегенде кен жөнүндө ойлонбой ошол кенди казууда элге, экологияга кенедей дагы зыян тийгизбөө жагын ойлонуштары керек! Азыркыча “жампа челек” болушуп, жең ичинен сүйлөшө коюп, кен казууга киришкендери караманча туура эмес! “Алмайдын бермейи бар”,- деген кыргыздын керемет сөзүн ошол кен казуучулар дайыма көкүрөгүндө сактап жүрүүлөрү керек! Коопсуздукка толук кепил болуп, эч кандай зыян тартпай пайда көрө тургандыгыбызды илимий да, практикалык да түрдө далилдей алышса, эмнеге анда кен казганга биз уруксат бербешибиз керек! Бул маселеде жеңиш эки тарапта тең салмактуу болушу керек!

- Коомчулукту алтын кенин казгандан да уранды казуу дүрбөлөңгө салды. Алтын кендерден Кыргызстан пайда көрүш үчүн алгач эмнеге маани беришибиз керек?

- Негизи алтын кенин казганга караганда уран кени өтө опурталдуу. Ошондуктан уранды казууга каршы чыгып жаткан элди толук түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек! Уран бул өзү өтө уулуу зат! Кичене кылт эткен кемчилик болсо Чернобыль, Фукусима трагедиясы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт! Ошондуктан уран кенине караганда бардык келишимдер тең саламактуу, ачык айкын болуп, керек болсо жалпы элдик талкуудан өткөндөн кийин элдин макулдугу менен болсо, анда эмнеге ал алтын кенин иштетүүгө болбосун? Албетте болот! Бирок “Кумтөрдө” кайталанган кемчонтойлук башка алтын кендерде кайталанбашы керек! Дагы алдатып, тонотуп отуруп калбашыбыз керек! Ошондой эле бул жерде дагы бир өтө олуттуу жагдайды эске алышыбыз керек. Алтын кенин казардан мурун  кендерди казуунун демилгечиси ким экенине маани беришибиз керек? Кыргызстанбы же чет өлкөлүк инвесторлорбу? Келишимди ким кимге сунуш кылып жатканын сурашыбыз керек. Антпесек келишим түзүүдө, "бергендин колу үстүндө", дегендей, орусча айтканда доминирующий тарап сөзсүз Кыргызстан болуш керек! Башкача айтканда кен жайгашкан тараптын кызыкчылыгы биринчи кезекте жогорку денгээлде корголушу керек! Биз мына ушул жагдайларга маани берип, Кыргызстан пайда көрөөрүнө ишенсек, анан алтын кендерди иштетишибиз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg” гезити

Последние новости