www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15- январда  Баткен облусунда да чек арадагы кырдаал боюнча митинг болуп өттү.

Митингдин катышуучулары чек арадагы кырдаалга кабатырлыгын билдиришип, бийликтен Көк-Таш айлынында кармалган тургундарын бошотуу талабын коюшту.

Тактап айтканда,  Нурбек Сапарбаев, Усен Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаевдерди бошотууну талап кылышууда.

"Нааразычылык акциясына чыккандар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун маалыматын угууну талап кылышкан, бирок Мадумаров чыккан эмес.  Анын ордуна орун басары Кеңеш Салиховду жиберген, ал элдин нааразычылыгын жетекчиликке жеткирээрин билдирди”, – деди жергиликтүү тургун.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте да чек арадагы кырдаал боюнча митинг өтүп, бийликке бир нече талаптар коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости