www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын белгилүү актрисасы Мадина Мухтарованын кичүү уулу өзүнөн өгөй агасынан токмок жеген деген шек менен тергөө иштери башталды. Бул тууралуу өзбек массалык маалымат каражаттары жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, Мадина Мухтарованын 1-никесиндеги уулу 2-никесинен төрөлгөн 7-класстагы өгөй инисин сабап салгандыгы жөнүндө чоң талкуу жүрүүдө. Алгач видеодо көк-ала болуп агасы тарабынан сабалгандыгы жөнүндө бала өзү айтып берген. Кийинчерээк Мухтарованын баласы ооруканага жаткырылып, дарыгерлер чындыгында сабалгандыгын тастыкташкан. Бирок бала биринчи жолу эмес, денесиндеги шишиген шишиктерге караганда буга чейин да сабалгандыгын айтышкан. 

Бул маалымат социалдык тармактарга тарап, видеосун көргөн көпчүлүк белгилүү актрисаны энелик укугунан ажыратуу жана аны сабаган байкесин жазага тартуу маселесин көтөрүшкөн.  Бирок бул окуядан бир аз өтпөй 7-класстагы сабалган бала сабалганын танып, бул “болгону гримм жана мен актердук чеберчилик курсуна катышкам, ошондуктан ал жөн эле үйдөгү жөнөкөй видео” деп  айтып берген.

Буга көпчүлүк тургундар кайдыгер карай алышпай, бала жөндөн жөн минтип эки түрдүү көрсөтмө бериши психологиялык басымдын алдында болгондугун айтып чыгышкан. Андыктан бул материал боюнча арыз жазылбаган болсо да Өзбекстандын кылмыш жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости