www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Резина, пластик буюмдарды күйгүзсөң "өлдүм" дей бер” – деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда Былтыр кышында Бишкектин төбөсүн кара түтүн каптаганы эске салыган. Андан улам улам дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган жарандар ооруканага көп кайрылгандыгы тууралуу маалымат айтылган.
Көбү анда ал смогдун (кара түтүн) себебин автоунаалардын көптүгү, жаңы реконструкциядан өткөн ТЭцтеги мүчүлүштүктөргө байланыштырган. Бирок, кийинчерээк адистер автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн смогдун пайда болушуна олуттуу деле таасир бербей тургандыгын бир ооздон билдиришкендиги кабарланган.
Негизи асмандагы кара булутту тиричиликте үйдү жылытуу үчүн колдонула турган көмүр, унаалардын резинасы, пластикалык буюмдар бөлүп чыгарат. Ошондуктан, шаардык мэрия былтыр үйдү жылытууда, мончону ысытууда күйгүзүлгөн андай заттарды колдонгон үй, мекеме ээлерин айыпка жыга баштаган болчу.
Албетте, көмүрсүз болобу? Болгону үйдү жылытууда резина, пластик буюмдарды колдонууга болбойт, болбосо, былтыркыга окшоп, кара түтүн менен кышты кыштай турган болуп калабыз – деп эскертилген.
Бирок, шаардык мэрия канча какшабасын, ЖМКлар канча маалымдабасын, эл деген мындайда дүлөй болуп калабы айтор белгисиз. Дегенибиз, Бишкетин Лев Толстой көчөсүндө, ТЭЦке жакын бир ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүндө дал ушундай тыюу салынган буюмдарды өрттөп, оокатын кылат окшойт. Анда бөлүнүп чыккан кара түтүн, уулу заттар менен жалпы шаар тургундары эле эмес, ошол ишкердин бала-чака, тууган-туушкандары деле бирге дем алаарын жакшы түшүнө бербейт окшойт. Бул көрүнүшкө шаар бийлиги көз жумуп койбосо экен деп турабыз.
Ал эми эстүү жарандар үчүн кимде-ким андай материалдарды колдонуп жаткандыгын көрсөңүздөр төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылып, маалымдасаңыз болот демекчибиз.
Булак: NazarNews.kg