www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күбө болжол менен 4-5 жашар кыз мас абалында жерде жаткан энесин тургуза албай убара болуп турган учурду видеого тартып алып, Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберди.

Ал видеого тартканга чейин жерде жаткан аял кызын катуу тилдеп уруп жатканын айтууда. Окуя Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде 30-октябрда саат 16.00дөр чамасында болгон.

"Алгач ал аялга менин жубайым барса сөгүп-сагып жибериптир. Анан экөөбүз тең үйгө кеттик. 10 мүнөттөн кийин кайра келип карадым", — деди күбө.

Видеодон аял сүйлөөгө да алы келбей, ордунан өйдө тура албай жатканын байкоого болот.

Күбөнүн айтымында, энесинин жанында турган бөбөк ачка жана тытылган кир кийимдерди кийип жүрөт.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы аталган видеону Биринчи Май райондук милициянын кызматкерлери териштирип баштаганын билдирди.

Булак: "Спутник"

Последние новости