www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги эки түнкү клубдан рейд учурунда баңгизат табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар тургундарынан жана жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарынан А.Токомбаев (Асанбай борбору) көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда баңги каражаттар, анын ичинде коркунучтуу күчтүү таасир этүүчү синтетикалык каражаттар таратылып жаткандыгы, алардын колдонулушуна жашы жете элек балдар көбүрөөк тартылып жаткандыгы жөнүндө көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Мындан тышкары жогоруда аталган мекемелерге келгендер алкоголдук жана наркотикалык, мас абалында коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуп, мыйзамсыз аракеттерди жасашат.
Баяндалган маалыматтарды текшерүү максатында Ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-оперативдүү иш-чаралардын комплекси ишке ашырылган.
2023-жылдын 22-сентябрында соттун токтомунун негизинде Бишкек шаарынын Терөө кызматы А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда кызматтык издөө иттерин колдонуп тинтүү жүргүзгөн.
Тинтүү иштеринин натыйжасында аталган фактылар тастыкталып, эки мекемеден баңгизаттар жана аларды колдонууга ыңгайлашкан буюмдар табылып алынган.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү адамдарды ашкерелөөгө багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Ошондой эле, акимиаттын, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын ӨКМнин өрткө каршы кызматынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте тамеки чегүүгө каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен текшерип, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык 4 протокол түзүлдү.
Булак: NazarNews.kg