www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага 325 миллион долларлык жаңы аскердик жардам жөнөтөрүн, анын ичине Avenger абадан коргонуу системасы, HIMARS ракеталык комлексине ок-дарылар жана башка курал-жабдыктар бар. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги кабарлайт. 

Жаңы аскердик жардам Украинанын муктаждыктарына ылайык жеткирилмекчи. Бирок жаңы аскердик жардамга Киев сурап жаткан алыска атылуучу ATACMS ракеталары кирген жок. АКШ азырынча ATACMS ракеталарын жөнөтпөй турууну чечкен. Ошентсе да бул маселе күн тартибинде турат. 

Киев бир нече айдан бери орус армиясынын мизин кайтарууга мындай курал сураганы менен Пентагон ATACMS ракеталарынын саны чектелүү экенин жүйө кылып, аны жардам пакетине кошкон эмес.

Украин жоокерлери ATACMS ракеталары украиндерге Орусиянын курал-жабдык сактаган кампаларына, камсыздоо борборлоруна, командалык пунктарына алыстан туруп, таамай сокку ура алат.

АКШнын арсеналында ATACMS ракеталарынын 160дан 300 чакырымга чейин уча турган бир нече модели бар.

АКШнын расмий маалыматында, Вашингтон Украинага жакынкы айларда Hawk абадан коргонуу системасын жөнөтөт. Кийинки аптада Киевге Abrams танктарынын биринчи партиясы жиберилет. Москва АКШнын көрсөтүп жаткан жардамы боюнча азырынча үн каткан жок.

Ошентип, калп эле дүйнөнү тынчтыкка чакырган Вашингтон Киевге дагы 325 миллион долларлык аскердик жардам берет... Демек, булар согуш каалайбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости