www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-январда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун атка кыйналып минген видеосу тараган эле. Бүгүн ошол видео боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун түшүндүрмө берди.
Монтаждалган видео
Бул тууралуу Ибраим Нуракун: “Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын.
Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот. P.S. Аттан кимдер гана кулабайт:-))))”,-деп социалдык барагына жазып, видеонун оригиналын жүктөгөн.
БулакNazarNews.kg